БУЛГАКОВ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''БУЛГА́КОВ ''' Михаил Афанасьевич [3. (15) 5. 1891, Киев – 10. 3. 1940, Москва] – орус жазуучусу, драматург. Киев | '''БУЛГА́КОВ ''' '''Михаил Афанасьевич''' [3. (15) 5. 1891, Киев – 10. 3. 1940, Москва] – орус жазуучусу, драматург. Киев университетинин медицина факультетин бүтүргөн. 1919-жылга чейин Смоленск губерниясында врач болуп иштеген. Кийин адабиятка өткөн. 1920–22-жылы «Накануне» гезити (Берлин) менен карым-катнашта болгон. Алгачкы сатиралык жыйнактарында анын сүрөткерлик чеберчилиги байкалган. «Ак гвардия» романына поэтикалуулук жана назик психологизм мүнөздүү. Ал «Ак гвардия» (1925–27) романында жана «Турбиндердин күндөрү» (1926), «Качуу» (1957) пьесаларында ак гвардиячылар менен эмигранттардын тагдырын сүрөттөгөн. «Кызыл кандуу арал» (1928), «Мольер» (1936), «Соӊку күндөр» (Пушкин жөнүндө, 1940) аттуу пьесалардын автору. «Устат менен Маргарита» (1966–67) сатиралык-философиялык романы кыргыз тилине которулган. Бул роман Булгаковго ал өлгөндөн кийин дүйнөлүк даӊк алып келген. Роман боюнча драма коюлуп, кино тартылган. | ||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] | ||
06:19, 11 Май (Бугу) 2024 -деги абалы
БУЛГА́КОВ Михаил Афанасьевич [3. (15) 5. 1891, Киев – 10. 3. 1940, Москва] – орус жазуучусу, драматург. Киев университетинин медицина факультетин бүтүргөн. 1919-жылга чейин Смоленск губерниясында врач болуп иштеген. Кийин адабиятка өткөн. 1920–22-жылы «Накануне» гезити (Берлин) менен карым-катнашта болгон. Алгачкы сатиралык жыйнактарында анын сүрөткерлик чеберчилиги байкалган. «Ак гвардия» романына поэтикалуулук жана назик психологизм мүнөздүү. Ал «Ак гвардия» (1925–27) романында жана «Турбиндердин күндөрү» (1926), «Качуу» (1957) пьесаларында ак гвардиячылар менен эмигранттардын тагдырын сүрөттөгөн. «Кызыл кандуу арал» (1928), «Мольер» (1936), «Соӊку күндөр» (Пушкин жөнүндө, 1940) аттуу пьесалардын автору. «Устат менен Маргарита» (1966–67) сатиралык-философиялык романы кыргыз тилине которулган. Бул роман Булгаковго ал өлгөндөн кийин дүйнөлүк даӊк алып келген. Роман боюнча драма коюлуп, кино тартылган.