БУЛГАНЫЧ СУУЛАРДЫ ТАЗАЛОО: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

07:37, 27 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы

БУЛГАНЫЧ СУУЛАРДЫ ТАЗАЛОО – адамдын чарба турмуш-тиричилик же өндүрүш иштеринен булганган ж-а калк жашаган жерден, өнөр жай ишканаларынан чыккан сууларды зыянсыздандыруу. Булганыч суулар адам денсоолугуна коркунучтуу; алар аркылуу ичегикарын жугуштуу оорулары таралат. Булганган суу кайра зыянсыз абалга келтирилип, аккан сууга, көлмөлөргө кошуу же айдоолорго пайдалануу үчүн тазаланат. Суунун булганычтыгына жараша мех. (тундуруу, чыпкалоо), хим., биол. тазалоо ыкмалары колдонулат. Булганыч сууларды бөлүү, кайра иштетүү ж-а тазалоо маселелерин туура чечүү калктуу жерлерди санитария-эпидемиол. жактан коргоо, суу м-н камсыз кылуу булагы катары ачык көлмөлөрдү колдонууга мүмкүндүк берет. Б. с. т-до табигый ж-а жасалма жолдор пайдаланылат. Табигый ыкмага тундуруу же биол. көлмөлөр, коммуналык чыпкалоо, сугат талаалары кирет. Жасалма ыкмада түрдүү сантех. каражаттар (торчолор, кумтоскучтар), тундурма бассейндер, биочыпкалар, аэрочыпкалар, о. эле хлор, озон, ультра-кызгылткөк нурларды таасир этүү м-н тазаланат. Практикада сууну хлорлоо жолу кеӊири таралган. Хлордун өлчөмү суунун сапатына ж-а суу өткөргүчтүн өзгөчөлүгүнө жараша болот.