БУЛЬДОЗЕР: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

07:37, 27 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы

БУЛЬДО́ЗЕР (англ. bulldozer) – 1) жер түзөтүүчү машина. Негизги иштөөчү органы – асма сүргүч калак, ал түртүүчү рама м-н трактордун же өзү жүрүүчү шассинин кронштейнине бекитилет. Калак гидравликалык жабдуу аркылуу иш учурунда жерге түшүрүлүп, артка жүргөндө же жер которууда өйдө көтөрүлөт. А. ч-нда жер тегиздөө, кык чыгаруу, аӊ казуу ж-а толтуруу, канал, жол куруу, суу чарба курулуштарында колдонулат. 2) Тетикти ийүүчү, түзөтүүчү ж-а штамптоочу пресс.