БУРГУ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

07:37, 27 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы

БУРГУ – материалдарды көзөөчү ж-а мурда көзөлгөн көзөнөктөрдү андан ары иштетүүчү аспап. Б. цилиндр же конус түрүндөгү өзөктөн, кесүүчү элементтен, төмөнкү жумушчу бөлүгүндө станоктун патронуна бекитилүүчү жасалгадан (жогорку учунда) турат. Б. өз огунда айланып, огу б-ча жылып жумуш аткарат. Металлдарды көзөөчү Б. констр-сы б-ча тереӊ көзөөчү, учтуу, түз жылгалуу, борборлогуч ж-а спиралдык болуп бөлүнөт. Б. көзөөчү, токардык, көзөп кеӊейтүүчү станоктордо, автоматтарда, мех. ж-а электрдик кол көзөөчтөрүндө пайдаланылат. Ок б-ча Б-нун же тетиктин бир бирине жылышы же бир айлануусу S=CD0,6 формуласы м-н аныкталат: D – бургунун диаметри, С – эксперименттик жол м-н табылуучу коэфф. Мис., катуу болотто тереӊ көзөнөк жасоо үчүн С=0,038, жумшак болотто С=0,085 болот. Б. Негизинен көмүртектүү, тез кесүүчү болоттон даярдалат.