БУРГУНДДАР: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

07:37, 27 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы

БУРГУНДДАР – чыгыш герман уруусу. Б. з. 1-к-нда (адегенде Борнхольм а-нда жашаган деп болжошот) континентке өтүшкөн. 406-ж. Рейнде борбору Вормс болгон королдугун негиздешкен. 443-ж. Рим федератынын укугу берилип, Савой аймагына көчүрүлгөн. Империянын начарланышынан пайдаланышып, Б. 457-ж. Рона д-нын бассейнин ээлешет да, борбору Дион болгон жаӊы королдукту түзүшөт. Бул ыдырай баштаган Батыш Рим империясындагы алгачкы «варвардык» королдуктардын бири болду. Алардын галл-римдиктердин жерлерин ээлөөсү ж-а бөлүштүрүүсү феодалдаштыруу процесси үчүн чоӊ мааниге ээ болгон. Б. 6-к-дын башында католик динин кабыл алган. 543-ж. Б. королдугу Франк мамлекетине биротоло кошулду. Кийин Түш. Франциянын калкынын курамына кирген.