БУРИМЕ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

07:37, 27 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы

БУРИМЕ́ (фр. bouts rimes – уйкаш деген мааниде) – алдын ала даярдалган уйкаштыкка ыр жазуу. Б. формасы 17-к-дын биринчи жарымында пайда болгон. Б. кыргыз акындарына белгилүү болсо да, адабий салт катары өнүккөн эмес. Бирок акындар айтышына байланыштуу поэтикалык жанрдын айрымдарында өз алдынча пайда болуп, күчтүү өнүккөн Б-нин поэтикалык салттарын байкоого болот (мис., Токтогул м-н Алымкулдун «Акбары» ж-дөгү айтышы). Токтогул адегенде Акбары ж-дөгү айтыштын мазмунун, ыр башындагы ж-а ыр аягындагы уйкаштыктыгын алдын ала даяр түрүндө берген. Ал эми Алымкул ыр башындагы ж-а ыр аягындагы уйкаштыкты сактап, ырдын мазмунун андан ары уланып, тереӊдеткен. Алдынала даяр уйкаштыктардын негизинде ыр жаратууну азыркы мезгилде кыргыз акындары Ш. Дүйшеев, Н. Алымбековдун ырларынан да байкоого болот.