БУТАН: нускалардын айырмасы
vol2_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
07:37, 27 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы
БУТА́Н , Б у т а н К о р о л д у г у (дзонг-к тилинде – Друк-Юл, сөзмө-сөз Ажыдаар өлкөсү) – Түш. Азиядагы мамлекет, Чыгыш Гималайда жайгашкан.

Чыгышынан ж-а түштүгүнөн Индия, түндүгүнөн ж-а түн.-батышынан Кытай м-н чектешет. Аянты 46,65 миӊ км2. Калкы 771,6 миӊ (2020). Борбору – Тхимпху ш. Расмий ти ли –
дзонг-кэ (бхотия) тили. Акча бирдиги – нгултрум. Адм.-аймактык жактан 20 провинцияга (дзонг) бөлүнөт. Б. – БУУнун (1971), Түш. Азия өлкөлөрүнүн кызматташуу ассоциациясынын (1985; СААРК), Эл аралык валюта фондунун (1981), Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун (байкоочу катары) мүчөсү.
Б. – унитардык мамлекет. Башкаруу формасы – чектелген монархия. Мамлекет башчысы – король. Аткаруу бийлигин король ж-а Министрлер Кеӊеши ишке ашырат. Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы – Улуттук чогулуш (Цонгду).
Б. – тоолуу өлкө. Түш. чек арасын бойлой тоолуу аллювий түздүгү, түш. жагын адырлуу бөксө тоо, борб. бөлүгүндө бийикт. 4840 мге жеткен Кичи Гималай, түндүгүндө Чоӊ Гималай (эӊ бийик чокусу 7554 м болгон Кула-Кангри тоосу) жатат. Темир, коргошун, жез, таш көмүр, слюда, мрамор казылып алынат. Климаты муссондук, түш. жагы ысык ж-а нымдуу (жылына 2000–5000 мм жаан жаайт, айлык орт. Темпрасы кышында –4°тан – 16°Сге чейин, жайында 30–36°С), тоо аралык өрөөндөрдө – жумшак, мелүүн-нымдуу (жылына 1000–1500 мм жаан жаайт). Брахмапутра д-нын куймалары – Манас, Санкош, Ванг-Чу, Нгамо. Түндүгүндө көптөгөн мөӊгүлүү көлдөр бар. Аймагынын 65%ин токой ээлейт. Жалпы аянты 12,4 миӊ км2 (2005) коргоого алынган аймагы бар; а. и. Торса коругу, Жигме-Сингай-Вангчук, Жигме-

ки – 54,7. Калкынын орт. жыштыгы 1 км2 жерге 16,7 киши. Шаар калкы – 21%. Ири шаарлары: Тхимпху, Пхунчхалинг. Б-дын байыркы ж-а о. кылымдардагы тарыхы толук изилденген эмес. 6–7-к-да Б-дын аймагы азыркы Индиянын Ассам штатын камтыган Брахмапутра өрөөнүндөгү Камарупа мамлекетинин курамында болгон деген маалыматтар кездешет. Камарупа кыйрагандан кийин Б-га бир нече ирет тибеттиктер басып ки-

рип, алардын айрым бөлүктөрү жерг. элдер м-н чогуу отурукташып калган. Тибеттиктер Б-да өз мад-ты м-н ламаизмди карманган. 17-к-дын ортосунда Б. чексиз монархиялык мамлекет болуп калыптанган. 1774-ж. азыркы Б-дын аймагында жашаган элдер Кытайдын бийлиги астына өткөн. 19-к-дан 1947-ж. чейин Б-да Улуу Британиянын протектораты орногон. 1907-ж. англичандардын жардамы м-н Вангчуктар династиясынын бийлиги орнотулуп, алгачкы өкүлү Угьен Вангчук такка отурган. Англ. колониячыл өкмөт Б-дын тышкы саясатын көзөмөлдөгөнү м-н ички иштерине кийлигишкен эмес. 1949-ж. Б. көз каранды эместикке жетишкен, бирок чет мамлекеттер м-н байланышы Индиянын көзөмөлү астында жүргүзүлгөн. 1954-ж. мыйзам чыгаруу органы – Улуттук чогулуш (Цонгду) түзүлгөн. 1971-ж. Б. БУУнун мүчөсү болуп кабыл алынган. 1998-ж. өлкөдө саясий реформалар жүргүзүлүп, король айрым ыйгарым укуктарын Улуттук чогулушка өткөрүп берген. Цонгду 2004-ж. Азия кызматташтык диалогуна кошулган. 2007-жылдан Азия парламенттик ассамблеясынын мүчөсү. 2006-жылдан королу Кхесар Намгьяла.
Б. – агрардык өлкө. Дүйнөдөгү анча жакшы өнүкпөгөн өлкөлөрдүн катарына кирет. ИДПнин көлөмү 2,9 млрд долларды түзөт. Аны киши башына бөлүштүргөндө 1400 доллардан туура келет. ИДПде а. ч-нын үлүшү 36%, өнөр жайы м-н курулуштуку 23%. Акиташ, мрамор, доломит, графит, сланец, асыл таштар ж-а азыраак темир, көмүр өндүрөт. Экономикасындагы эӊ тез өскөн тармак – гидроэнергетика. Жылына 2 млрд кВт·с электр энергиясын өндүрөт, анын 99%ин ГЭС берет. Энергияга болгон ички керект өөсү анча жогору болбогондуктан, негизинен экспорттолот (Индияга). Кустардык кол өнөрчүлүгү (кездеме, килем, согуш куралдары, металл м-н жыгачты кооздоо) өнүккөн. Цемент, тамак-аш, токой өнөр жайы бар. Чакан ишканалары басымдуу. Жеринин 7,7% иштетилет. Негизги өсүмдүгү шалы, жүгөрү, картошка, цитрус өсүмдүктөрү, жемиштер. Жайытта багылган мал чарбачылыгы (жылкы, топоз, кой, эчки) өнүккөн. Автомобиль жолунун уз. 4007 км. Темир жолу жок. Сыртка электр энергиясын, асыл таштарды, цемент, жыгач, жемиш консерваларын, кардамон, мускус, лак, мом, графит, пил сөөгүн чыгарат.

Сырттан оор машина тетиктерин, транспорт жабдыктарын, минерал майларын, күрүч алат. Почта маркаларын сатуу ж-а чет элдик туризм өнүккөн. Негизги соода өнөктөштөрү: Индия, Бангладеш.

2003-ж. Тхимпхуда Королдук ун-т негизделген, анын астында ил.-из. ин-ттары бар; алар: Королдук менеджмент ин-ту, Королдук технол. ин-т, Салттык медицина улуттук ин-ту ж. б. Телекөрсөтүүсү 1999-жылдан иштейт. 1992-жылдан жума сайын «Кунсель» гезити чыгат. Арх-расы м-н иск-восу ламаизмдин таасиринде өнүккөн. Б-дин арх-расы 17-к-да дзонгдор аркылуу таанылган.
Ад.: Алексеева Н. Н. Современные ландшафты зарубежной Азии. М., 2000; Иванов Б. А. Бутан // Политическая история государств Азии и Северной Африки. XX век. М., 1996; Кальцов Н. Н. Бутан. М., 1989.