БУТАНАЕВ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

07:37, 27 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы

БУТАНАЕВ Виктор (Астайбек) Яковлевич (1946-ж. т., Россия, Хакасия) – тарых илимд. доктору (1993), проф. (1996). КРдин илимге эмгек сиңирген ишмери (2004). 1968-ж. В. И. Ленин атн. Ташкент мамл. ун-тин бүтүргөн. 1968-жылдан Н. Ф. Катанов атн. Хакас мамл. ун-тинин археол., этногр. ж-а край таануу кафедрасынын башчысы. Анын эмгектери этногр., кыргыз таануу ж-а түркология маселелерин изилдөөгө арналган. 200дан ашык ил. эмгектердин, а. и. 30дай монографиянын автору. Кыргыз элинин тарыхын ж-а мад-тын изилдөөгө кошкон салымы үчүн 3-даражадагы «Манас» ордени ж-а «Даӊк» медалы м-н сыйланган.
Эмг.: Этническая культура хакасов. Абакан. 1988; Бутанаев В. Я., Худяков Ю. С. История енисейских кыргызов. Абакан. 2000 ж. б.