БУТСУЗДАР: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
07:37, 27 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы
БУТСУЗДАР (Apoda, Gymnophiona) – жерде-сууда жашоочулар түркүмү. Узун, сөөлжан сымал денеси жыйрылып кыймылга келет, буту жок, денеси жумшак, жылаӊач, тулку бою илээшкек тунук былжыр м-н капталган. Омурткасынын саны 200–300гө жетет, кабыргалары, куйругу кыска. Башы денесинен даана бөлүнбөгөн; оозу төмөн жагында, көзү начар өөрчүгөн. 3 тукуму, 37 уруусу, 170 түрү бар. Көбүнчө Түш. Америка, Африка ж-а Азиянын нымдуу тропигинде таралган. Сууга жакын ийинге 5–30 жумуртка тууйт. Жумурткасын ургаачысы басат, кээ биринин жумурткасынан чыккан личинкалар өрчүүсүн сууда аяктайт, башкасыныкы жумурткада жетилет, сууда жашоочулары тирүү тууйт.