БУФЕРДИК ЭРИТМЕ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

07:37, 27 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы

БУФЕРДИК ЭРИТМЕ – чөйрөнүн курамы өзгөрүлсө да, рНтын же окистенүү-калыбына келүү потенциалынын маанисин өзгөртпөй кармап туруучу эритме. Иш жүзүндө кислота-негиздик ж-а окистендиргич-калыбына келтиргич Б. э-лер белгилүү. Буларды концент-лаганда, суюлтканда, о. эле күчтүү к-таны же негизди бир аз кошкондо чөйрөдөгү рНтын маанисин өзгөртпөй кармап турат. Алар күчсүз к-та м-н анын тузунун (СН3СООН ж-а СН3СООNa) же күчсүз негиз м-н анын тузунун (NН4ОН ж-а NН4Сl) аралашмасынан пайда болот. Хим. технологияда, анализдик химияда хим. процесстердин рНтын берилген маанисинде жүрүшүн камсыз кылат. Б. э. организмде өтүп жаткан биохим. процесстерде да чоӊ мааниге ээ, анткени алар чөйрөнүн белгилүү гана рНында жүрөт. Көпчүлүк биол. суюктуктар – Б. э., алардын курамын карбонаттар, фосфаттар ж-а белоктор түзөт.