БУХАРА ВИЛАЙЕТИ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

07:37, 27 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы

БУХАРА́ ВИЛАЙЕТИ (мурда Бухара облусу) – Өзбекстан Респ-ндагы адм. бирдик. 1938-ж. 15-январда уюшулган. Аянты 39,4 миӊ км2. Калкы 2,0 млн (2020), шаар калкы 37%. Облуста 11 туман (адм. район), 11 шаар, 3 шаарча бар. Борбору – Бухара ш. Облустун аймагы түн.-батышка жантайыӊкы, дөӊсөөлүү (Тамды-Тоо, бийикт. 922 м; Букен-Тоо 764 м, Кулжук-Тоо 785 м ж. б.), көпчүлүк бөлүгү Кызыл-Кум чөлүнүн түштүгүнөн орун алган. Түштүгүндө Заравшан өрөөнү жатат. Климаты континенттик. Январдын орт. темп-расы –5°С, июлдуку 29°С. Жылдык жаан-чачыны 150 ммдей. Башкы дарыялары – Заравшан ж-а Аму-Дарыя. Аллювий, шалбаа, саз топурактуу. Бадал, сөксөөл, эфемер өсүмдүктөрү басымдуу. Варданзин, Кара-Көл ж-а Кызыл-Кум коруктары бар. Табигый газ (ири кени – Газли; Уралдан Борборго, Ташкен аркылуу Кырг-нга ж-а Казакстандын түштүгүнө газ кууру өтөт), нефть казып алынат. Калкынын көпчүлүгү өзбектер, о. эле тажик, казак, татар, орус, каракалпак ж. б. улут өкүлдөрү да жашайт. 1 км2 жерге 35 киши туура келет. Жеӊил (пахта тазалоо, кебез-кездеме, жибек түрүү ж. б.), тамак-аш (а. и. май, шарап) өнөр жайы бар. Негизги өнөр жай борбору – Бухара ш. Сугат дыйканчылыгы (Аму–Бухара каналы ж. б.) өнүккөн. Мал чарба продуктусунун 80%ин көрпө алынуучу кой чарба түзөт. А. ч-нын негизги тармактары: пахтачылык, кара көл коюн асыроо, жибекчилик. Багбанчылык, жүзүмчүлүк, сүт ж-а эт багытындагы уй багуу да өнүккөн. Кийинки мезгилде Заравшан өрөөнү облустун жеӊил өнөр жайы өнүккөн маданий борборуна айланды. Илгертен келаткан көркөм промысели (алтын жип м-н тигүү, токуу, металлды чегелөө, көркөм карапа) өнүккөн. Эки ЖОЖ, театрлар, тарых, край таануу музейлери бар. Көркөм кол өнөрчүлүктүн борбору.