БУХАРА ВИЛАЙЕТИ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
No edit summary
 
1 сап: 1 сап:
'''БУХАРА&#769; ВИЛАЙЕТИ ''' (мурда Бухара облусу) – Өзбекстан Респ-ндагы адм. бирдик. 1938-ж. 15-январда уюшулган. Аянты 39,4 миӊ ''км''<sup>2</sup>. Калкы 2,0 млн (2020), шаар калкы 37%. Облуста 11 туман (адм. район), 11 шаар, 3 шаарча бар. Борбору – Бухара ш. Облустун аймагы түн.-батышка жантайыӊкы, дөӊсөөлүү (Тамды-Тоо, бийикт. 922 ''м''; Букен-Тоо 764 ''м'', Кулжук-Тоо 785 ''м'' ж. б.), көпчүлүк бөлүгү Кызыл-Кум чөлүнүн түштүгүнөн орун алган. Түштүгүндө Заравшан өрөөнү жатат. Климаты континенттик. Январдын орт. темп-расы –5°С, июлдуку 29°С. Жылдык жаан-чачыны 150 ''мм''дей. Башкы дарыялары – Заравшан ж-а Аму-Дарыя. Аллювий, шалбаа, саз топурактуу. Бадал, сөксөөл, эфемер өсүмдүктөрү басымдуу. Варданзин, Кара-Көл ж-а Кызыл-Кум коруктары бар. Табигый газ (ири кени – Газли; Уралдан Борборго, Ташкен аркылуу Кырг-нга ж-а Казакстандын түштүгүнө газ кууру өтөт), нефть казып алынат. Калкынын көпчүлүгү өзбектер, о. эле тажик, казак, татар, орус, каракалпак ж. б. улут өкүлдөрү да жашайт. 1 ''км''<sup>2</sup> жерге 35 киши туура келет. Жеӊил (пахта тазалоо, кебез-кездеме, жибек түрүү ж. б.), тамак-аш (а. и. май, шарап) өнөр жайы бар. Негизги өнөр жай борбору – Бухара ш. Сугат дыйканчылыгы (Аму–Бухара каналы ж. б.) өнүккөн. Мал чарба продуктусунун 80%ин көрпө алынуучу кой чарба түзөт. А. ч-нын негизги тармактары: пахтачылык, кара көл коюн асыроо, жибекчилик. Багбанчылык, жүзүмчүлүк, сүт ж-а эт багытындагы уй багуу да өнүккөн. Кийинки мезгилде Заравшан өрөөнү облустун жеӊил өнөр жайы өнүккөн маданий борборуна айланды. Илгертен келаткан көркөм промысели (алтын жип м-н тигүү, токуу, металлды чегелөө, көркөм карапа) өнүккөн. Эки ЖОЖ, театрлар, тарых, край таануу музейлери бар. Көркөм кол өнөрчүлүктүн борбору.
'''БУХАРА&#769; ВИЛАЙЕТИ ''' (мурда Бухара облусу) – Өзбекстан Республикасындагы административдик бирдик. 1938-жылы 15-январда уюшулган. Аянты 39,4 миӊ ''км''<sup>2</sup>. Калкы 2,0 млн (2020), шаар калкы 37%. Облуста 11 туман (административдик район), 11 шаар, 3 шаарча бар. Борбору – Бухара шаары. Облустун аймагы түндүк-батышка жантайыӊкы, дөӊсөөлүү (Тамды-Тоо, бийиктиги 922 ''м''; Букен-Тоо 764 ''м'', Кулжук-Тоо 785 ''м'' ж. б.), көпчүлүк бөлүгү Кызыл-Кум чөлүнүн түштүгүнөн орун алган. Түштүгүндө Заравшан өрөөнү жатат. Климаты континенттик. Январдын орточо температурасы –5°С, июлдуку 29°С. Жылдык жаан-чачыны 150 ''мм''дей. Башкы дарыялары – Заравшан жана Аму-Дарыя. Аллювий, шалбаа, саз топурактуу. Бадал, сөксөөл, эфемер өсүмдүктөрү басымдуу. Варданзин, Кара-Көл жана Кызыл-Кум коруктары бар. Табигый газ (ири кени – Газли; Уралдан Борборго, Ташкен аркылуу Кыргызстанга жана Казакстандын түштүгүнө газ кууру өтөт), нефть казып алынат. Калкынын көпчүлүгү өзбектер, ошондой эле тажик, казак, татар, орус, каракалпак ж. б. улут өкүлдөрү да жашайт. 1 ''км''<sup>2</sup> жерге 35 киши туура келет. Жеӊил (пахта тазалоо, кебез-кездеме, жибек түрүү ж. б.), тамак-аш (анын ичинде май, шарап) өнөр жайы бар. Негизги өнөр жай борбору – Бухара шаары. Сугат дыйканчылыгы (Аму–Бухара каналы ж. б.) өнүккөн. Мал чарба продуктусунун 80%ин көрпө алынуучу кой чарба түзөт. Айыл чарбасынын негизги тармактары: пахтачылык, кара көл коюн асыроо, жибекчилик. Багбанчылык, жүзүмчүлүк, сүт жана эт багытындагы уй багуу да өнүккөн. Кийинки мезгилде Заравшан өрөөнү облустун жеӊил өнөр жайы өнүккөн маданий борборуна айланды. Илгертен келаткан көркөм промысели (алтын жип менен тигүү, токуу, металлды чегелөө, көркөм карапа) өнүккөн. Эки ЖОЖ, театрлар, тарых, край таануу музейлери бар. Көркөм кол өнөрчүлүктүн борбору.
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

09:07, 16 Май (Бугу) 2024 -га соңку нускасы

БУХАРА́ ВИЛАЙЕТИ (мурда Бухара облусу) – Өзбекстан Республикасындагы административдик бирдик. 1938-жылы 15-январда уюшулган. Аянты 39,4 миӊ км2. Калкы 2,0 млн (2020), шаар калкы 37%. Облуста 11 туман (административдик район), 11 шаар, 3 шаарча бар. Борбору – Бухара шаары. Облустун аймагы түндүк-батышка жантайыӊкы, дөӊсөөлүү (Тамды-Тоо, бийиктиги 922 м; Букен-Тоо 764 м, Кулжук-Тоо 785 м ж. б.), көпчүлүк бөлүгү Кызыл-Кум чөлүнүн түштүгүнөн орун алган. Түштүгүндө Заравшан өрөөнү жатат. Климаты континенттик. Январдын орточо температурасы –5°С, июлдуку 29°С. Жылдык жаан-чачыны 150 ммдей. Башкы дарыялары – Заравшан жана Аму-Дарыя. Аллювий, шалбаа, саз топурактуу. Бадал, сөксөөл, эфемер өсүмдүктөрү басымдуу. Варданзин, Кара-Көл жана Кызыл-Кум коруктары бар. Табигый газ (ири кени – Газли; Уралдан Борборго, Ташкен аркылуу Кыргызстанга жана Казакстандын түштүгүнө газ кууру өтөт), нефть казып алынат. Калкынын көпчүлүгү өзбектер, ошондой эле тажик, казак, татар, орус, каракалпак ж. б. улут өкүлдөрү да жашайт. 1 км2 жерге 35 киши туура келет. Жеӊил (пахта тазалоо, кебез-кездеме, жибек түрүү ж. б.), тамак-аш (анын ичинде май, шарап) өнөр жайы бар. Негизги өнөр жай борбору – Бухара шаары. Сугат дыйканчылыгы (Аму–Бухара каналы ж. б.) өнүккөн. Мал чарба продуктусунун 80%ин көрпө алынуучу кой чарба түзөт. Айыл чарбасынын негизги тармактары: пахтачылык, кара көл коюн асыроо, жибекчилик. Багбанчылык, жүзүмчүлүк, сүт жана эт багытындагы уй багуу да өнүккөн. Кийинки мезгилде Заравшан өрөөнү облустун жеӊил өнөр жайы өнүккөн маданий борборуна айланды. Илгертен келаткан көркөм промысели (алтын жип менен тигүү, токуу, металлды чегелөө, көркөм карапа) өнүккөн. Эки ЖОЖ, театрлар, тарых, край таануу музейлери бар. Көркөм кол өнөрчүлүктүн борбору.