БУХАРА ХАНДЫГЫ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''БУХАРА́ ХАНДЫГЫ ''' – | '''БУХАРА́ ХАНДЫГЫ ''' – Орто Азиядагы 16–18-кылымдарда өкүм сүргөн феодалдык мамлекет. Тимуриддер мамлекети ыдырап кеткен мезгилде Шейбани хан тарабынан негизделген. Хандыктын борбору 16-кылымдын аягында Самарканддан Бухара шаарына көчүрүлүп, мамлекет Бухара хандыгы деп атала баштаган. Абдулла хан IIнин тушунда (1557–98) өлкө күч алып, аймагы кеӊейген. 1573-жылы Балх жана Фергана, 1576-жылы Ташкентти, 1582–83-жылы Хорасанды, 1593–94-жылдары Хорезмди басып алган. Россия менен соода жана дипломатиялык мамилелерди түзгөн. Абдулла хандын өлүмү, андан кийин анын уулунун өлтүрүлүшү менен Шейбаниддер династиясынын бийлиги бүтүп, Аштарханиддердин доору башталган. Бул мезгилде Бухара хандыгында ич ара согуштар, Иран, Хива хандыгы, ошондой эле казактар менен кагылышуулар болуп турган. 1740-жылы Ирандын башкаруучусу Надир шахтын аскерлери тарабынан басылып алынган. Надир шах өлгөн соӊ, хандыктагы ич ара чыр-чатактардын натыйжасында, бийликке маӊгыт уруусунан чыккан Мухаммед Рахим келген жана ал өзүн эмир деп жарыялап, 1747-жылдан Бухара эмирлиги деп атала баштаган. Маӊгыттардын доорунда ич ара чыр-чатактар күчөп, Хива, Кокон хандыктары менен согуштар, элдик көтөрүлүштөр (1821–25-жылы кытай-кыпчак көтөрүлүшү) Бухара хандыгын алсыраткан. 1868-жылы эмир аскерлери орус армиясынан жеӊилүүгө дуушар болуп, Бухара хандыгы Россия империясына вассал мамлекет катары кошулган. 1920-жылы 2-сентябрда Бухарада элдик көтөрүлүш чыгып, Кызыл Армиянын колдоосу менен эмирдин бийлиги кулатылган жана 8-сентябрда Бухара Советтик Эл Республикасы жарыяланган. | ||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] | ||
09:17, 16 Май (Бугу) 2024 -га соңку нускасы
БУХАРА́ ХАНДЫГЫ – Орто Азиядагы 16–18-кылымдарда өкүм сүргөн феодалдык мамлекет. Тимуриддер мамлекети ыдырап кеткен мезгилде Шейбани хан тарабынан негизделген. Хандыктын борбору 16-кылымдын аягында Самарканддан Бухара шаарына көчүрүлүп, мамлекет Бухара хандыгы деп атала баштаган. Абдулла хан IIнин тушунда (1557–98) өлкө күч алып, аймагы кеӊейген. 1573-жылы Балх жана Фергана, 1576-жылы Ташкентти, 1582–83-жылы Хорасанды, 1593–94-жылдары Хорезмди басып алган. Россия менен соода жана дипломатиялык мамилелерди түзгөн. Абдулла хандын өлүмү, андан кийин анын уулунун өлтүрүлүшү менен Шейбаниддер династиясынын бийлиги бүтүп, Аштарханиддердин доору башталган. Бул мезгилде Бухара хандыгында ич ара согуштар, Иран, Хива хандыгы, ошондой эле казактар менен кагылышуулар болуп турган. 1740-жылы Ирандын башкаруучусу Надир шахтын аскерлери тарабынан басылып алынган. Надир шах өлгөн соӊ, хандыктагы ич ара чыр-чатактардын натыйжасында, бийликке маӊгыт уруусунан чыккан Мухаммед Рахим келген жана ал өзүн эмир деп жарыялап, 1747-жылдан Бухара эмирлиги деп атала баштаган. Маӊгыттардын доорунда ич ара чыр-чатактар күчөп, Хива, Кокон хандыктары менен согуштар, элдик көтөрүлүштөр (1821–25-жылы кытай-кыпчак көтөрүлүшү) Бухара хандыгын алсыраткан. 1868-жылы эмир аскерлери орус армиясынан жеӊилүүгө дуушар болуп, Бухара хандыгы Россия империясына вассал мамлекет катары кошулган. 1920-жылы 2-сентябрда Бухарада элдик көтөрүлүш чыгып, Кызыл Армиянын колдоосу менен эмирдин бийлиги кулатылган жана 8-сентябрда Бухара Советтик Эл Республикасы жарыяланган.