БУХГАЛТЕРИЯЛЫК ЭCЕП: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

07:37, 27 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы

БУХГАЛТЕРИЯЛЫК ЭCЕП ишкананын финансылык ж-а чарбалык ишмердигинин натыйжаларын эсептөө системасы. Рыноктук мамилелерге өтүү учурунда ишканадагы Б. э-тин абалына ж-а уюштурууга анын менчик ээси же менчик ээсине мүлк ж-а милдеттенмелер б-ча‚ о. эле ишкананын кирешелүүлүгү үчүн жооп берүүчү жетекчи жоопкер болот. Анын жардамы м-н ишкананын өздүк мүлкү‚ финансылык милдеттенмелери ж-а пайдасы‚ о. эле тобокелчилик ж-а капиталдык салымдан күтүлүүчү киреше бааланат. Бухгалтериялык баланста накта мүлк‚ өздүк каражаттар фонду ж-а карыз каражаттар чагылдырылууга тийиш. Бүгүнкү күндө Б. э. Ишкананын ж-а анын ээсинин ички иши болуудан калды. Кырг-нда да бухгалтериялык отчёттуулуктун тууралыгын текшерүү үчүн мыйзамга ылайык иш жүргүзүүчү аудитордук коммерциялык конторалар ж-а фирмалар түзүлгөн (к. Аудит).