БУХЕНВАЛЬД: нускалардын айырмасы
vol2_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
07:37, 27 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы
БУ́ХЕНВАЛЬД – немецтик-фашисттик концентрациялык лагерь. 1937-ж. Веймарга (Германия) жакын жерде уюштурулган. 8 жылда 239 миӊ адам Б-дын туткунунда болуп, 56 миӊи өлтүрүлгөн. Алгач немец антифашисттери кармалса, 2-дүйнөлүк согуш учурунда көптөгөн улуттардын өкүлдөрү кармалган ж-а алар Б. аймагында жайгашкан немецтик ири өнөр жай иш

каналарында иштөөгө мажбурланган. Немецтик «Фау» самолёт-снаряддары даярдалган Б-дын жер астындагы филиалы – «Дора» түрмөсүндөгү (Б-дын филиалы) оор шарттар туткундардын массалык өлүмүнө алып келген. Лагерде жашыруун антифашисттик уюм иштеген. 1945-ж. 11-апрелде башталган туткундардын көтөрүлүшүнүн натыйжасында Б. кыйратылган. 1958-ж. Б-дын баатырларына ж-а курман болгондорго арналган эстелик-курулуш комплекси ачылган.