БУШ Жорж: нускалардын айырмасы
vol2_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
07:37, 27 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы
БУШ Жорж (12. 6. 1924-ж.т., АКШ, Массачусетс штаты, Милтон – 30. 11. 2018, Хьюстан, Техас) – амер. саясий ж-а мамл. ишмер; АКШнын 41-президенти (1989–93). АКШ сенаторунун уулу. 2-дүйнөлүк согуш учурунда аскер-деӊиз авиациясында кызмат өтөгөн. Согуштан соӊ Йель ун-тинин экономика ф-тин бүтүргөн. Техаста нефть компаниясын негиздеген. 1966-ж. Респ. партиядан Конгресстин Эл өкүлдөр палатасына шайланган. 1971–72-ж. БУУда АКШнын туруктуу өкүлү, 1974–75-ж. АКШнын Пекиндеги байланыш миссиясынын жетекчиси. Респ. партиянын 1974-ж. Никсондун отставкага кетүүсүн талап кылган комиссиясынын төрагасы болгон. 1971–75-ж. ар кандай дипл. иштерди аткарган, 1976–77-ж. Борб. чалгындоо башкармалыгынын (ЦРУ) директору, 1981–89-ж. Р. Рейгандын администрациясында вице-президент, 1989-жылдан АКШнын президенти. Ал эл аралык мамилелерге

өзгөчө көӊүл буруп, президент М. С. Горбачевдун саясатын колдогон. 1991-ж. Кувейтти ирактык аскерлерден бошотууда анын демилгеси м-н уюштурулган «Чөлдөгү бороон» согуштук операциясы ийгиликтүү ишке ашкан.