БҮРГӨЛӨР: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

07:37, 27 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы

БҮРГӨЛӨР (Siphonoptera) – курт-кумурскалар классындагы кан соргучтар түркүмү. Дене уз. 1–6 ммге чейин, канаты жок, жумурткадан жетилиши толук өөрчүү м-н өтөт, личинкасы курт сымал. Б-дүн шилекейи дүүлүктүрөт. Оозу сайып соруучу мүнөздө. Денеси капталынан кысыӊкы, күрөӊ же кара түстө, жалтырак хитин кабык м-н капталган. Арткы буту узун, секирүүгө ыӊгайлашкан. Турак жайда, кургак, чаӊ жерде көп кездешет. О. эле таштанды, тактай жаракаларында көбөйөт. 3 жылга чейин жашайт. 1000ге жакын түрү бар. Жетилген Б. көбүнчө жаныбарда (мышык, ит ж. б.), канаттууларда (тоок ж. б.) ж-а адамда мителик кылып, кан м-н азыктанат; көбү бир катар жугуштуу оорулардын (чума, ич келте ж.б.) козгогучтарын кишиге жугузат.