БҮРГӨНДҮ ЧОПО КЕНИ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

07:37, 27 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы

БҮРГӨНДҮ ЧОПО КЕНИ Жалал-Абад обл-нун Ноокен р-нунда, Бүргөндү кыш-нан 3 км батышта, деӊиз деӊг. 760–800 м бийиктикте. 1990-ж. Түштүк Кыргыз геол. экспедициясы чалгындаган. Төртүнчүлүк мезгилинде пайда болгон, калыӊдыгы 15 мден ашкан кумайлуу чопо катмары конгломераттын үстүндө жатат. Кумайлуу чопо тыгыз, көзөнөктүү, бир түрдүү. «75», «100» маркадагы кыш өндүрүүгө жарамдуу. Запасы А категориясы б-ча 250 миӊ м3, В–490 миӊ м3, С1–1380 миӊ м3.