БҮРГҮН: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

07:37, 27 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы

БҮРГҮН (Aquilegia) – өсүмдүктөрдүн байчечекейлер тукумунун уруусу; көп жылдык чөп. Сабагы тик өсөт, бийикт. 20–70 см. Жыш же сейрек түктүү. Жалбырагы айчык, тереӊ тилкелүү, төмөнкү жалбырагы саптуу, жогоркусу сапсыз.

Чөйчөкчөсү түстүү 5 жалбыракчадан, таажысы 5 желекчеден турат. Гүл коргону 5 мүчөлүү. Уругу ж-а вегетациялык жол м-н көбөйөт. Жер жүзүндө 75, Кыргнда 5 түрү бийик тоодо, таш арасында өсөт. Бардыгы малды ууктурат. Гүлү кооз болгондуктан, чөмүч баш ж-а кадимки Б. өстүрүлөт.