БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК СООДА УЮМУ (БСУ): нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

07:37, 27 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы

БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК СООДА УЮМУ БСУ; (Wold Trade Organisation, WTO) – глобалдык деңгээлдеги эл аралык соода алакаларын жөнгө салган көп тармактуу экон. – соода уюму; эл аралык соодадагы бажы ж.б. салыктардын тарифтерин азайтуу максатында 1947-ж. түзүлгөн генералдык макулдашуунун уктарын улантуучу катары 1-январда уюшулган. Жайгашкан орду – Женева. 2006-ж. мүчө өлкөлөрдүн саны 147 болгон. Кырг-н 1994-жылдан мүчө. БСУнун негизги максаты соода байланыштарын жөнгө салуунун көп тараптуу механизмин, өндүрүштүн өсүшүн, товар ж-а кызмат көрсөтүү соодаларын, сырьё булактарын натыйжалуу пайдалануунун, айлана-чөйрөнү коргоонун негизинде эл аралык сооданы эркин коё берүү болуп саналат. БСУнун жетекчи органдары – министрлер конф-ясы (БСУнун жогорку органы, ар бир эки жылда шайланат), генералдык кеӊеш, талаш-тартыштарды жөнгө салуу б-ча комитет, соода саясаты б-ча комитет.
М. Оморова.