БҮТҮМ: нускалардын айырмасы
vol2_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
07:37, 27 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы
БҮТҮМ – 1) юрид. жак ж-а жеке адамдар ортосундагы укуктук мамилелерди‚ а. и. тышкы экон. ишмердик чөйрөсүндө чарбалык маселелерди түзүүгө багытталган иш-аракет. Бир жактуу чарбалык Б. (мураска‚ белекке‚ белгилүү бир иш-аракетке ишеним кат берүү) ж-а эки же андан көп жак катыша турган өз ара Б. (бул учурда келишим‚ контракт ж. б. түзүлөт) болот. Б. маркетингдин маанилүү түшүнүктөрүнүн бири болуп саналат‚ ал сатуу-сатып алуу актысынын түзүлүшүн аныктайт ж-а жок дегенде эки субъектинин кызыкчылыгын көздөйт‚ макулдашуунун шарттарын‚ мөөнөттөрүн ж-а ордун белгилейт. Маркетинг көз карашынан алганда Б-дөр товарды акчага алмашканда акча Б-ү‚ бартердик Б. ж-а компенсациялык Б. болуп бөлүнөт; 2) адабий же муз. чыгарманы же анын кандайдыр бир бөлүгүн корутундулоочу компоненти. Б-дүн түрлөрү көп: эпилог, мораль (тамсилде), клаузула (ырда, муз. чыгармаларда); 3) китептеги тексттин же анын бөлүмдөрүнүн аягын кооздоп турган сүрөт же оймо-чиймелүү графикалык композиция.