БҮТҮН ЖАНА БӨЛҮК: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

07:37, 27 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы

БҮТҮН ЖАНА БӨЛҮК – нерселердин жыйындысынын (бүтүндөр) ж-а анын курамындагы элементтердин бөлүктөр өз ара байланыштарын билдирүүчү философ. категориялар. Жалпысынан бөлүктөр – бир бүтүн нерсенин өзгөчөлүгүн көрсөтө турган элементтер. Мис., биол. түр объективдүү өзгөчөлүк катары өзү камтыган бардык индивиддердин маанилүү байланыштарынан турат. Түр индивиддерге карата бүтүн болсо, индивиддер ага карата бөлүк болот. Турмушта бир нече бүтүн биригип, өзүнөн татаалыраак бүтүндү пайда кылышы ыктымал. Мындай учурда бир бүтүн дагы бир бүтүндүн камтылган бөлүгү болуп калат. Алгач бул маселе б-ча бир
бирине карама-каршы механисттик ж-а виталисттик багыттар пайда болгон. Механисттер бүтүндү бөлүктөрдүн жөнөкөй жыйындысы, ошондуктан бүтүндө жаӊы сапаттар м-н касиеттер болушу мүмкүн эмес деп эсептейт. Виталисттер бүтүндүн касиеттери анын бөлүктөрүнүн касиеттеринин жыйындысы ж-а бүтүндө жаӊы касиеттер м-н сапаттар пайда болот ж-а туташ бир бүтүн организмден анын бөлүктөрүн алып таштасак организмде материалдык эмес бирдеме калат, нерселер м-н кубулуштарды бир бүтүн кылып бириктирип ж-а жөнгө салып тура турган материалдык эмес күч болот дешет. Азыркы кезде неомеханизм ж-а неовитализм сыяктуу концепциялар философияда кеӊири тараган. Б. ж-а б-түн ортосунда биримдик, туура келүү ж-а каршылык катыштары болот. Бүтүн дайыма өзгөрүштө, кыймылда, өнүгүүдө, бир бүтүндүн негизинде экинчиси, экинчиден үчүнчүсү ж. б. бүтүн пайда болот. Жаӊы бүтүн эски бүтүндүн негизинде дароо даяр түрүндө пайда болбойт. Адегенде жаӊы бүтүндүн кээ бир керектүү бөлүктөрү эски бүтүндүн ичинде пайда болуп, өнүгүүнүн натыйжасында жаӊы бүтүндү пайда кылат. Бүтүндүн ар түрдүү типтери (мех., физ., биол., хим., социалдык) болот.
Ж. К. Асанов.