БҮТҮН ЖАНА БӨЛҮК: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''БҮТҮН ЖАНА БӨЛҮК ''' – нерселердин жыйындысынын (бүтүндөр) | '''БҮТҮН ЖАНА БӨЛҮК ''' – нерселердин жыйындысынын (бүтүндөр) жана анын курамындагы элементтердин бөлүктөрү өз ара байланыштарын билдирүүчү философиялык категориялар. Жалпысынан бөлүктөр – бир бүтүн нерсенин өзгөчөлүгүн көрсөтө турган элементтер. Мисалы, биологиялык түр объективдүү өзгөчөлүк катары өзү камтыган бардык индивиддердин маанилүү байланыштарынан турат. Түр индивиддерге карата бүтүн болсо, индивиддер ага карата бөлүк болот. Турмушта бир нече бүтүн биригип, өзүнөн татаалыраак бүтүндү пайда кылышы ыктымал. Мындай учурда бир бүтүн дагы бир бүтүндүн камтылган бөлүгү болуп калат. Алгач бул маселе боюнча бир бирине карама-каршы механисттик жана виталисттик багыттар пайда болгон. Механисттер бүтүндү бөлүктөрдүн жөнөкөй жыйындысы, ошондуктан бүтүндө жаӊы сапаттар менен касиеттер болушу мүмкүн эмес деп эсептейт. Виталисттер бүтүндүн касиеттери анын бөлүктөрүнүн касиеттеринин жыйындысы жана бүтүндө жаӊы касиеттер менен сапаттар пайда болот жана туташ бир бүтүн организмден анын бөлүктөрүн алып таштасак организмде материалдык эмес бирдеме калат, нерселер менен кубулуштарды бир бүтүн кылып бириктирип жана жөнгө салып тура турган материалдык эмес күч болот дешет. Азыркы кезде неомеханизм жана неовитализм сыяктуу концепциялар философияда кеӊири тараган. Бүтүн жана бөлүктүн ортосунда биримдик, туура келүү жана каршылык катыштары болот. Бүтүн дайыма өзгөрүштө, кыймылда, өнүгүүдө, бир бүтүндүн негизинде экинчиси, экинчиден үчүнчүсү ж. б. бүтүн пайда болот. Жаӊы бүтүн эски бүтүндүн негизинде дароо даяр түрүндө пайда болбойт. Адегенде жаӊы бүтүндүн кээ бир керектүү бөлүктөрү эски бүтүндүн ичинде пайда болуп, өнүгүүнүн натыйжасында жаӊы бүтүндү пайда кылат. Бүтүндүн ар түрдүү типтери (механикалык, физикалык, биологиялык, химиялык, социалдык) болот. <br/>''Ж. К. Асанов.'' | ||
<br/>''Ж. К. Асанов.'' | |||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] | ||
03:27, 20 Май (Бугу) 2024 -га соңку нускасы
БҮТҮН ЖАНА БӨЛҮК – нерселердин жыйындысынын (бүтүндөр) жана анын курамындагы элементтердин бөлүктөрү өз ара байланыштарын билдирүүчү философиялык категориялар. Жалпысынан бөлүктөр – бир бүтүн нерсенин өзгөчөлүгүн көрсөтө турган элементтер. Мисалы, биологиялык түр объективдүү өзгөчөлүк катары өзү камтыган бардык индивиддердин маанилүү байланыштарынан турат. Түр индивиддерге карата бүтүн болсо, индивиддер ага карата бөлүк болот. Турмушта бир нече бүтүн биригип, өзүнөн татаалыраак бүтүндү пайда кылышы ыктымал. Мындай учурда бир бүтүн дагы бир бүтүндүн камтылган бөлүгү болуп калат. Алгач бул маселе боюнча бир бирине карама-каршы механисттик жана виталисттик багыттар пайда болгон. Механисттер бүтүндү бөлүктөрдүн жөнөкөй жыйындысы, ошондуктан бүтүндө жаӊы сапаттар менен касиеттер болушу мүмкүн эмес деп эсептейт. Виталисттер бүтүндүн касиеттери анын бөлүктөрүнүн касиеттеринин жыйындысы жана бүтүндө жаӊы касиеттер менен сапаттар пайда болот жана туташ бир бүтүн организмден анын бөлүктөрүн алып таштасак организмде материалдык эмес бирдеме калат, нерселер менен кубулуштарды бир бүтүн кылып бириктирип жана жөнгө салып тура турган материалдык эмес күч болот дешет. Азыркы кезде неомеханизм жана неовитализм сыяктуу концепциялар философияда кеӊири тараган. Бүтүн жана бөлүктүн ортосунда биримдик, туура келүү жана каршылык катыштары болот. Бүтүн дайыма өзгөрүштө, кыймылда, өнүгүүдө, бир бүтүндүн негизинде экинчиси, экинчиден үчүнчүсү ж. б. бүтүн пайда болот. Жаӊы бүтүн эски бүтүндүн негизинде дароо даяр түрүндө пайда болбойт. Адегенде жаӊы бүтүндүн кээ бир керектүү бөлүктөрү эски бүтүндүн ичинде пайда болуп, өнүгүүнүн натыйжасында жаӊы бүтүндү пайда кылат. Бүтүндүн ар түрдүү типтери (механикалык, физикалык, биологиялык, химиялык, социалдык) болот.
Ж. К. Асанов.