БХУТТО Зульфикар Али-хан: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

07:37, 27 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы

БХУ́ТТО Зульфикар Али-хан [5. 1. 1928, Британиялык Индия (азыркы Пакистан), Ларкана – 4. 4. 1979, Равалпинди] – Пакистандын мамл. ж-а саясий ишмери. Калифорния (АКШ) ж-а Окс

Форд (Улуу Британия) ун-ттеринде билим алган. 1958–66-ж. Пакистандын бир катар министрликтерин жетектеген. 1965–66-ж. Пакистандын Мусулмандар лигасы партиясынын генералдык секретары. 1967-ж. Пакистан
Элдик партиясын негиздеген. 1971-ж. декабрдан 1973-жылдын августуна чейин өлкөнүн президенти, андан кийин премьер-министри. Б-нун тушунда жаӊы конституция кабыл алынып, Пакистан президенттик башкаруудан парламенттик респ-га айландырылган. Анын өлкөнү модернизациялоого багытталган реформалары консервативдүү ислам чөйрөлөрүнүн нааразылыгын пайда кылган. 1977-ж. генерал Зия уль-Хак жетектеген аскердик төӊкөрүштөн кийин Пакистанда согуштук режим орнотулуп, Б. камакка алынган ж-а согуштук админ. тарабынан өлүм жазасына тартылган.
Ш. К. Өмүрова.