БЫКОВ Яков Васильевич: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

07:37, 27 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы

БЫКОВ Яков Васильевич (26.1.1913, Чуваш Респ., Красночетай р-ну, Торханы кыш. – 10.2.1988) – математик, физика-математика илимд. доктору (1961), проф. (1962), Кыргыз ССР ИАнын корр. мүчөсү (1960), Кыргыз ССРинин илимге эмг. сиӊ. ишмери (1963). Казан ун-тин бүтүргөн (1938). Мектепте мугалим болуп иштеген (1931–38). Улуу Ата Мекендик согушка катышкан (1941–46).

КМУда кафедра башчысы, ил. иштер б-ча проректор, Кыргыз ССР ИА ФМИде бөлүм башчы (1946–66), Краснодар политех. ин-тунда, Ставрополь политех. ин-тунун Черкесскидеги филиалында кафедра башчысы (1966–78), кайрадан КМУда кафедра башчысы, Кыргыз ССР ИАда улук ил. кызматкер, кеӊешчи болуп иштеген (1978–84). Бир нече ил. эмгектердин автору.
Эмг.: О некоторых задачах теории интегро-дифференциальных уравнений. Ф., 1957.