БЫЛИНАЛАР: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
No edit summary
1 сап: 1 сап:
'''БЫЛИНАЛАР ''' – орус элинин эпостук ыр-дастандары. Орус фольклорунун башка жанрларына караганда Б. негизинен 11–16-к-да жашаган тарыхый адамдар м-н окуяларды чагылдырган. Орус фольклористтери мазмуну жагынан баатырдык Б. ж-а тарыхый-турмуштук Б. деп эки топко бөлүшөт. Б-да сюжеттин негизинде реалдуу турмуш сүрөттөлөт, о. эле тарыхый чындык, ар кандай эпикалык чыгармаларга мүнөздүү болгон фантастика, ойдон чыгаруу м-н коштолуп турат. Ошондуктан орус Б-ы ж-дө эки түрдүү көз караш бар: 1. Сюжеттик мазмунуна көп катмарлуу тарыхый окуяларды, ар түрдүү тарыхый мезгилди сиӊирип, камтып сүрөттөйт (В. Я. Пропп). 2. Конкреттүү тарыхый окуяны, конкреттүү адамдардын тагдырын чагылдырат (Б. А. Рыбаков). Бул көз караштар Б-дын реалдуу ж-а тарыхый негиздерин жокко чыгарбастан, бири-бирин толуктайт ж-а тереӊдетет. Б. Киев ж-а Новгород Б-ы деген эки топко бөлүнөт. Киев циклине баатырлардын моӊгол-татарлар м-н болгон согушун көрсөткөн баатырдык ырлары топтолгон (мис., Илья Муромец, Добрыня Никитич, Алёша Попович ж. б.). Новгород циклине новеллалык, каада-салт, махабат ырлары кирет (мис., «Василий Буслаев», «Садко» ж. б.). Б-ды изилдөөнү В. Г. ''Белинский'' баштаган. Н. И. ''Добролюбов'' ж. б. улантышкан. М. ''Горький'' Б-ды жогору баалаган.
'''БЫЛИНАЛАР ''' – орус элинин эпостук ыр-дастандары. Орус фольклорунун башка жанрларына караганда Былиналар негизинен 11–16-кылымдарда жашаган тарыхый адамдар менен окуяларды чагылдырган. Орус фольклористтери мазмуну жагынан баатырдык Былиналар жана тарыхый-турмуштук Былиналар деп эки топко бөлүшөт. Былиналарда сюжеттин негизинде реалдуу турмуш сүрөттөлөт, ошондой эле тарыхый чындык, ар кандай эпикалык чыгармаларга мүнөздүү болгон фантастика, ойдон чыгаруу менен коштолуп турат. Ошондуктан орус Былиналары жөнүндө эки түрдүү көз караш бар: 1. Сюжеттик мазмунуна көп катмарлуу тарыхый окуяларды, ар түрдүү тарыхый мезгилди сиӊирип, камтып сүрөттөйт (В. Я. Пропп). 2. Конкреттүү тарыхый окуяны, конкреттүү адамдардын тагдырын чагылдырат (Б. А. Рыбаков). Бул көз караштар Былиналардын реалдуу жана тарыхый негиздерин жокко чыгарбастан, бири-бирин толуктайт жана тереӊдетет. Былиналар Киев жана Новгород Былиналары деген эки топко бөлүнөт. Киев циклине баатырлардын моӊгол-татарлар менен болгон согушун көрсөткөн баатырдык ырлары топтолгон (мисалы, Илья Муромец, Добрыня Никитич, Алёша Попович ж. б.). Новгород циклине новеллалык, каада-салт, махабат ырлары кирет (мисалы, «Василий Буслаев», «Садко» ж. б.). Былиналарды изилдөөнү В. Г. ''Белинский'' баштаган. Н. И. ''Добролюбов'' ж. б. улантышкан. М. ''Горький'' Былиналарды жогору баалаган.
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

02:55, 17 Май (Бугу) 2024 -деги абалы

БЫЛИНАЛАР – орус элинин эпостук ыр-дастандары. Орус фольклорунун башка жанрларына караганда Былиналар негизинен 11–16-кылымдарда жашаган тарыхый адамдар менен окуяларды чагылдырган. Орус фольклористтери мазмуну жагынан баатырдык Былиналар жана тарыхый-турмуштук Былиналар деп эки топко бөлүшөт. Былиналарда сюжеттин негизинде реалдуу турмуш сүрөттөлөт, ошондой эле тарыхый чындык, ар кандай эпикалык чыгармаларга мүнөздүү болгон фантастика, ойдон чыгаруу менен коштолуп турат. Ошондуктан орус Былиналары жөнүндө эки түрдүү көз караш бар: 1. Сюжеттик мазмунуна көп катмарлуу тарыхый окуяларды, ар түрдүү тарыхый мезгилди сиӊирип, камтып сүрөттөйт (В. Я. Пропп). 2. Конкреттүү тарыхый окуяны, конкреттүү адамдардын тагдырын чагылдырат (Б. А. Рыбаков). Бул көз караштар Былиналардын реалдуу жана тарыхый негиздерин жокко чыгарбастан, бири-бирин толуктайт жана тереӊдетет. Былиналар Киев жана Новгород Былиналары деген эки топко бөлүнөт. Киев циклине баатырлардын моӊгол-татарлар менен болгон согушун көрсөткөн баатырдык ырлары топтолгон (мисалы, Илья Муромец, Добрыня Никитич, Алёша Попович ж. б.). Новгород циклине новеллалык, каада-салт, махабат ырлары кирет (мисалы, «Василий Буслаев», «Садко» ж. б.). Былиналарды изилдөөнү В. Г. Белинский баштаган. Н. И. Добролюбов ж. б. улантышкан. М. Горький Былиналарды жогору баалаган.