БЫШЫКТЫК: нускалардын айырмасы
vol2_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
07:37, 27 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы
БЫШЫКТЫК , б е к е м д и к – материалдын белгилүү шартта ж-а чекте тигил же бул аракетти (күч келүүнү, ар кандай темп-раны, магнит, электр ж. б. талаалардын аракеттерин, нерсенин ар кайсы бөлүктөрүнүн түрдүү көбүүсү ж-а кургоосу, физика-хим. процесстердин ар кандай өтүшү ж. б.) талкаланбай ж-а бөлүнбөй кабыл алуу касиети. Ар кандай учурларда Б-тын пропорциялаштык (түз катыш) чеги, агуучулук чеги, майышуучулук чеги, жайылуучулук чеги ж. б. критерийлери бар. Б. теор., тех., констр-лык, динамикалык, узак мөөнөттүк болуп бөлүнөт. Теор. багыт атомдордун өз ара байланышуу күчү аркылуу эсептелет. Бул багыттагы маалыматтар көп учурда реалдуу практикалык жыйынтыктарга туура келбейт. Анын себеби теор. эсептөөнүн даражасы али жетишерлик деӊгээлде эмес.