БЭР ЗАКОНУ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

07:37, 27 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы

БЭР ЗАКОНУ – меридиан багытында аккан дарыя түн. Жарым шарда оӊ жээгин, түш. Жарым шарда сол жээгин жемирип агат деген так жыйынтык. Бул процесс Жердин суткалык айлануусунун дарыя суусунун кыймылына тийгизген таасиринен пайда болот деп далилденет. Аны 1857-ж. орус академиги К. М. Бэр иштеп чыккан. Анткени айлануу кыймылындагы системада ар бир зат Кориолис ылдамдануусуна ээ болот. Ошол себептен суюктук м-н аба массалары жердин кыймылына карама-каршы багыт алат да, түн. жарым шарда – оӊ, түштүктө сол жакка карай аракеттенет. Б. з-на Днепр, Дон, Волга, Обь, Иртыш, Лена д-нын жээктери далил боло алат. Дунай м-н Нил д-нын оӊ жээктери бийик, жарлуу келип, сол жагы жапыз, жайык.