БОЛЬШЕВИКТЕР: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol2_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

09:03, 28 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы

БОЛЬШЕВИКТЕР (орусча больше – көп, көпчүлүк) – РСДРПдеги (1917-жылдын апрелинен өз алдынча саясий партия) В. И. Ленин жетектеген социал-демократтардын саясий тобу (фракция). Б. түшүнүгү РСДРПнин 2-съездинде (1903) пайда болгон, анда партиянын Уставын кабыл алууда ж-а РСДРПнин жетекчи органдарын шайлоодо Лениндин жактоочулары көпчүлүк (ушундан улам алар Б. аталган) добушка ээ болуп, алардын каршылаштары азчылыкты (меньшевиктер) түзүп калган. Б. күрөш жүргүзүүнүн рев-ялык тактикасын кабыл алышып, бийликти күч м-н алууну көздөшкөн. Г. Плеханов ж-а Л. Мартов жетектеген меньшевиктер падышалык бийликке каршы күрөшүүдө массалык жумушчу партиясын түзүүнү ж-а либералдык буржуазия м-н кызматташуу керектигин билдиришкен. 1905-ж. орус рев-ясынын жеӊилишинен кийин дыйкандардын колдоосуна ээ болбогон Б-дин лидерлери эмиграцияга кетүүгө аргасыз болушкан. 1917-ж. Февраль рев-ясынан кийин Убактылуу өкмөттүн жүргүзгөн реформалары ж-а Россияны дүйнөлүк согуштан алып чыгуу мүмкүнчүлүгүнүн жоктугу элдин нааразылыгын күчөтүп, Б-дин таасири жогорулай баштаган. 1917-ж. июль-август айларында Б. бийликти куралдуу жол м-н тартып алуу чечимин кабыл алышып, 25-октябрда Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү камакка алынат. Бийлик В. И. Ленин жетектеген ЭКСтин колуна өткөн. Россиядагы гражд. согуш учурунда Б. өлкөдө бийлигин толук орнотуп, башка рев-ялык агымдардын, саясий партиялардын бардыгына тыюу салууга жетишкен. 1917–52-ж. «Б.» термини партиянын расмий аталышына киргизилген – Россия социал-демократтык большевиктер партиясы – РСДРП(б), Россия Коммунисттик большевиктер партиясы – РКП(б), Бүткүл Союздук Коммунисттик большевиктер партиясы – ВКП(б). Партиянын 19-съездинин (1952) чечими м-н ВКП(б) Советтер Союзунун Коммунисттик партиясы (КПСС) деп аталып калган, к. Советтер Союзунун Коммунисттик партиясы.