БОНГО: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol2_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
|
09:03, 28 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы
БОНГО ( Tragelaphus eurycerus) – көңдөй мүйүздүүлөр тукумундагы сүт эмүүчү. Токой антилопасы уруусунун эң ири өкүлү; дене уз. 1,7–2,5 м, куйругунун уз. 45–65 см; салм. 210–405 кг. Денесинин жон жагы кочкул-күрөң, капталдарында ак чийиндери, буттарында ж-а төшүндө жарым ай сымал ак тактары бар; мүйүзү лира сымал, эркегинин мүйүзүнүн уз. 1 мдей. Батыш ж-а Борб. Африканын майда токойлорун мекендейт; кургак сезондо бийик тоолорго 3000 мге мейин көтөрүлөт, жаанчыл мезгилде өзөн жээгине түшөт. Б. өтө сак, коркок, жашыруун тиричилик кылат. Таң эрте ж-а кечкурун оттойт; негизинен өсүмдүктүн жаш өркүндөрү, жалбырактары ж-а мөмөсү м-н азыктанат. Эрекектери жалгыздан, 50дөй ургаачысы жаш музоолору м-н үйүр түзөт. Ургаачысы жылына бирден музоо тууйт. ТКЭСтин Кызыл китебине катталган.