БОНДАРЕВ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol2_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
|
09:03, 28 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы
БО́НДАРЕВ Юрий Васильевич (15. 3. 1924, Орск – 29. 3. 2020, Москва) – орус жазуучусу, сценарист, коомдук ишмер. Соц. Эмг. Баатыры (1984). СССР жазуучулар союзунун мүчөсү. Лениндик сыйл. лауреаты (1972). Эки жолу Ленин ордени менен сыйланган (1971, 1984). СССР мамл сыйл. (1977, 1983) ж-а Улуу Ата Мекендик согушка катышкан. М. Горький атн. адабий ин-тту бүткөн (1951). 1949-жылдан чыгармалары жарыялана баштаган. «Ок сураган батальондор» (1957), «Акыркы атышуу» (1959) деген повесттери жазуучуга ийгилик алып келген. Б-дун «Ысык кар» (1969) аттуу романында Сталинграддагы салгылашуу чагылдырылган. «Тынчтык» (1962), «Жээк» (1975), «Тандоо» (1980), «Оюн» (1985), «Азгыруу» (1991) романдарынын, о. эле «Көз ирмем» (1972) лирика-филос. публицистикасынын автору.