БОНИТЕТ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol2_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

09:03, 28 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы

БОНИТЕ́Т (лат. bonitas – сапаттуу) – жаратылыш ресурстарын баалоо ж-а а. ч-га жарактуу жерлерге, топуракка, токойго, жаныбар м-н өсүмдүк дүйнөсүнө ж. б-га салыштырмалуу мүнөздөмө берүү үчүн колдонулган шарттуу көрсөткүч (балл). Адатта, ал ресурстун конкреттүү түрүн пайдалануу эсеп-кысабынын негизинде аныкталат. Эӊ белгилүүсү – токой Б-и; ал – токойдун бир участогунун табигый шартка ж-а адамдын токойго тийгизген таасирине байланыштуу чарбалык өндүрүмдүүлүгүнүн көрсөткүчү. Басымдуулук кылган бак-дарактын орт. бийиктиги б-ча (орт. жашы эске алынып) аныкталат. Токой Б-и (жыгачтын сапатына ылайык) беш класска (I классы өтө өндүрүмдүү; V классы эӊ төмөн сапаттуу) бөлүнөт. Ал эми топурак Б-и жер участогунун табигый касиеттеринин сапаттуу мүнөздөмөсү, а. ч. өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүнүн жалпы көрсөткүчү. А. Конушбаева.