БООРДОШ ШААРЛАР: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol2_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

09:03, 28 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы

БООРДОШ ШААРЛАР ар түрдүү мамлекеттердин ич ара достук мамилени, маданий, чарбалык кызматташтыкты түзгөн ж-а бекемдеген шаарлары. Б. ш. бири-биринен тиричилиги, тарыхы ж-а мад-ты м-н таанышууга аракет жасап, элдер (улуттар) арасында достук мамилени бекемдөөгө үндөйт. Алар жашоо деӊгээлди жакшыртуу максатында түрдүү багыттар б-ча (спорт, чыгармачыл коллективдер, сүрөт көргөзмөлөрү ж. б.) делегацияларды бири-бирине жиберишет. Шаарлар арасында мындай кызматташтык 1942-жылдан (Сталинград коргоочуларына Англиянын Ковентри ш-нын тургундарынан келген сыймыктануу ж-а достукка үндөө телеграммасынан) башталган. Бүгүнкү күндө Б. ш-дын бүткүл дүйнөлүк федерациясы уюшулган. 1963-жылдан баштап апрелдин акыркы жекшембиси бүткүл дүйнөлүк Б. ш. күнү деп белгиленип келүүдө.
Б. Үсөнканов.