БОР Нильс Хенрих Давид: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol2_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

09:03, 28 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы

БОР Нильс Хенрик Давид (7. 10. 1885, Копенгаген – 18. 11. 1962, ошол эле жер) – даниялык физик, Нобель сыйл. лауреаты (1922). Атомдун биринчи квант теориясын түзгөн ж-а кванттык механиканын негизин иштеп чыгууга катышкан. Б. атом ядросунун ж-а ядролук реакция теориясынын өсүшүнө чоӊ салым киргизген. 1908-ж. Копенгаген ун-тин бүтүп, бул жерде өзүнүн биринчи ил. иши – суюктуктун термелүүсүн ж-а металлдын классикалык электрон теориясын изилдөөнү жүргүзгөн. 1916-ж. Копенгагенде теор. физика кафедрасынын башчысы, 1920-жылдан өмүрүнүн аягына чейин ошол шаарда өзү уюштурган Теор. физика ин-тун жетектеген. Фашизмге каршылык көрсөтүү уюму 1943-ж. Б-ду Даниядан Швецияга, андан АКШга жөнөткөн. Ал жерде Б. атом бомбасын жасоого катышкан. Согуштан кийин Данияга келип, атом куралынын колдонулушуна каршы күрөшкөн. Ал 1913-ж. атом теориясын иштеп чыгып, классикалык электрдинамиканын закондору м-н түшүндүрүүгө мүмкүн болбогон атомдун планеталык структурасын түшүндүрүү аракетинде өзүнүн постулаттарын түзгөн. Ядролук реакциянын жүрүү мүнөзүн аныктап, 1939-ж. Ж. А. Уилер м-н бирдикте ядронун бөлүнүү теориясын өркүндөткөн. Б. физиктердин чоӊ мектебин түзүп, бүткүл дүйнөлүк физиктер байланышын өнүктүргөн.
Эмг.: Прохождение атомных частиц через вещество. М., 1950; Атомная физика и человеческое познание. М., 1962.
Ад.: Нильс Бор. Жизнь и творчество / Пер. с дат. М., 1967; Мур Р. Нильс Бор – человек и учёный /Пер. с англ. М., 1969.