БОРБОРДУК АЗИЯ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol2_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
|
09:03, 28 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы
БОРБОРДУК А́ЗИЯ – Евразия материгинин ички бөлүгүн ээлеген табигый аймак; субконтинент. Ал Борбордук Казакстанды, Туран ойдуӊун, Балкаш боюн, Түн.-Батыш Кытай м-н О. Азиянын тоолорун ж-а түздүктөрүн, Түш. Монголия ж-а Түн. Кытайдын түздүктөрү м-н бөксө-тоолорун, Түн. Кытайдын түздүктөрү м-н бөксө тоолорун, Түн. Монголияны, Памир, Гиндикуш, Кара-Корум, Куньлунь, Алтын-Таг, Наньшань тоолорун, Тибет тайпак тоосун өзүнө камтыйт. Түндүгүнөн Батыш Сибирь түздүгү, Түш. Сибирь тоолору, чыгышынан Чыгыш Азия, түштүгүнөн Түштүк Азия, батышынан Түш. Урал ж-а Мугалжар, Каспий бою ойдуӊу, түш.-батышынан Иран тайпак тоосу м-н чектешет. Региондун чеги б-ча түрдүү пикирлер болгон. Б. А. деген түшүнүктү алгачкы жолу А. Гумбольдт 19-к-дын ортосунда киргизген. Ал өзүнүн 3 томдуу «Борбордук Азия» аттуу монографиясында (1843) Азиянын чөл ландшафттуу, океандан алыс жайгашып, туш тарабынан тоолор м-н курчалган бүт аймагын Б. А. деп, ага О. Азияны ж-а Тибетти кошкон. Орус геологу ж-а географы В. А. Обручев Куньлунь тоолорунан түн. тараптагы бөксө тоолуу, чөлдүү аймакты Б. А. деп атаган. Геолог В. М. Синицын региондун өзгөчөлүгүн туш тарабынан тоолор м-н курчалып, материктин ички бөлүгүндөгү абалы, климатынын ариддүүлүгү, сыртка агып чыккан дарыяларынын жоктугу түзөт деп белгилеген. Бул белгилери б-ча ал борб. ж-а О. Азиянын ички ойдуӊдарын, Тибеттин басымдуу бөлүгүн (чыгышынан башкасын), Чыгыш Памирди камтыйт.
Азияны изилдеген белгилүү илимпоз Э. М. Мурзаев Б. А-га түндүктө мурдагы СССРдин мамл. түш. чек арасынан түштүктө Тибет тайпак тоосунун түш. чет-жакасына чейинки аймакты киргизген. СССР ыдырагандан кийин О. Азия респ-ларынын аймагы да Б. А-нын курамында каралууда. Субконтинеттин табиятынын жалпы өзгөчөлүгүн региондун материктин борб. бөлүгүндө, кескин континеттик климат өкүм сүргөн мелүүн ж-а субтропиктик алкактарда жайгашкандыгы аныктайт; абанын темп-расынын амплитудасы 90°Сге жетет; кышы өтө суук. Бийик ж-а салыштырмалуу жапыз тоолор ж-а дөӊсөөлөр м-н курчалган ойдуӊдар басымдуу. Бийиктик амплитудасы өтө зор. Турпан ойдуӊу деӊиз деӊг. –154 м төмөн, ал эми Кара-Корум тоосундагы Чогори чокусу 8611 м бийик жайгашкан. Илимпоздордун пикири б-ча Куньлунь, Наньшань ж. б. Тоолор акыркы 10 миӊ жыл ичинде 1300–1500 м көтөрүлгөн. Климатынын ариддүүлүгү – региондун материктин борб. бөлүгүндө жайгашканына ж-а ойдуӊдуу рельефине байланыштуу. Климатка жараша табияттын башка компоненттери да өзгөчөлөнөт. Мис., тоо капталдарынын эрозиясы плювиал мезгилдеринде гана жүргөн; суунун таӊкыстыгынан муз каптоо дээрлик болгон эмес; байыркы тайпак жондор сакталган; азыркы денудация жай жүрүп, аларды негизинен үбөлөнүү процесси, корумдар, мезгил-мезгили м-н аккан агын суулар түзөт; тоо тек сыныктары алыс шиленип кетпей, тоо капталдарында гана топтолот («кесек тектерге көмүлгөн тоолор»); жер астындагы суулары тереӊ жатып, көбүнчө минералдашкан; агын суулары сыртка агып чыкпаган туюк облусту түзөт; дарыялары сууга жарды; көлдөрү көбүнчө туздуу, чанагы туруксуз, «жолбун суулар ж-а көлдөр» мүнөздүү; чөл, жарым чөл ж-а кургак талаа ландшафттары үстөмдүк кылып, алардын астында коӊур, бозомук-коӊур, айрым жерлеринде каштан топурактары өөрчүйт; шор жерлер кеӊири таралган; өсүмдүктөрү ж-а жаныбарлары кургакчыл шартка байымдуу.
Б. А-нын калкы аймак б-ча бир кылка отурукташкан эмес. Негизинен дарыя өрөөндөрү, суусу бар тоо аралык ойдуӊдар, о. эле климаты салыштырмалуу жагымдуу келген түндүктөгү айрым жерлери өздөштүрүлгөн. Калк дээрлик жашабаган зор аймактары да кездешет. Суунун таӊкыстыгынан табигый ресурстары да дээрлик пайдаланыла элек. Ушуга байланыштуу субконтинетте табияты салыштырмалуу аз өзгөргөн табигый комплекстүү зор аянттар да кездешет. Региондо үстөмдүк кылган организм үчүн экстремалдык экол. шарт Б. А-ны өздөштүрүүдө өтө кылдат мамилени талап кылат. Б. А-да төмөнкү өлкөлөр жайгашкан: Кытай (басымдуу бөлүгү), Монголия, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан.
Ад.: Мурзаев Э. М. Природа Синьцзяна и формирование пустынь Центральной Азии. М., 1966; Синицын В. М. Центральная Азия. М., 1959; Петров М. П. Пустыни Центральной Азии. Т. 1–2. М.; Л., 1966; Притула Т. Ю., Ерлмина В. А., Спрялин А. Н. Физическая география материков и океанов. М., 2004.
Ө. Бараталиев.