«БОРБОРДУК АЗИЯЛЫК ЭКОНОМИКАЛЫК ШЕРИКТЕШТИК»: нускалардын айырмасы
vol2_>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''«БОРБОРДУК АЗИЯЛЫК ЭКОНОМИКАЛЫК ШЕРИКТЕШТИК» ''' – эл аралык деӊгээлдеги | '''«БОРБОРДУК АЗИЯЛЫК ЭКОНОМИКАЛЫК ШЕРИКТЕШТИК» ''' – эл аралык деӊгээлдеги экономикалык байланыштын бир түрү. Бул шериктештиктин мамлекеттеринин социалдык-экономикалык жактан өнүгүшү мамлекет башчылары 1994-жылы кол коюшкан «Бирдиктүү экономикалык аймак түзүү жөнүндө» келишимге негизделген. Бири-бирин өздөрүнүн жаратылыш ресурстары жана чыгарган продуктулары менен толуктап, региондун өлкөлөрү кыйла отун жана энергетика ресурстарына, түстүү жана кымбат баалуу металлдардын, урандын, сейрек кездеше турган элементтердин эӊ бай запастарына жана башка стратегиялык жактан маанилүү ресурстарга ээлик кылышат. Ошондуктан ар бир өлкө Борбордук Азиянын башка өлкөлөрү үчүн табигый жан иа алмашылгыс рынок болуп кызмат кылат. Шериктештикке катышкан мамлекеттердин актуалдуу проблемалары төмөнкүлөр: келишимге катышкан мамлекеттердин ортосунда алып коюларсыз жана чектөөлөрсүз эркин соода режимин толук көлөмдө киргизүү; бирдиктүү экономикалык аймакты түзүү боюнча программаны иштеп чыгуу жана аткаруу. | ||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] | ||
05:21, 3 Апрель (Чын куран) 2024 -деги абалы
«БОРБОРДУК АЗИЯЛЫК ЭКОНОМИКАЛЫК ШЕРИКТЕШТИК» – эл аралык деӊгээлдеги экономикалык байланыштын бир түрү. Бул шериктештиктин мамлекеттеринин социалдык-экономикалык жактан өнүгүшү мамлекет башчылары 1994-жылы кол коюшкан «Бирдиктүү экономикалык аймак түзүү жөнүндө» келишимге негизделген. Бири-бирин өздөрүнүн жаратылыш ресурстары жана чыгарган продуктулары менен толуктап, региондун өлкөлөрү кыйла отун жана энергетика ресурстарына, түстүү жана кымбат баалуу металлдардын, урандын, сейрек кездеше турган элементтердин эӊ бай запастарына жана башка стратегиялык жактан маанилүү ресурстарга ээлик кылышат. Ошондуктан ар бир өлкө Борбордук Азиянын башка өлкөлөрү үчүн табигый жан иа алмашылгыс рынок болуп кызмат кылат. Шериктештикке катышкан мамлекеттердин актуалдуу проблемалары төмөнкүлөр: келишимге катышкан мамлекеттердин ортосунда алып коюларсыз жана чектөөлөрсүз эркин соода режимин толук көлөмдө киргизүү; бирдиктүү экономикалык аймакты түзүү боюнча программаны иштеп чыгуу жана аткаруу.