ВАКУОЛДОР: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
vol2_>KadyrM
No edit summary
1 сап: 1 сап:
(фр. vacuole, лат. vacuus – боштук) – жаныбар ж-а өсүмдүк клеткасынын цитоплазмасындагы же бир клеткалуу организмдердеги суюктук же туздардын кристаллдары, эрибеген белоктор толгон көӊдөйчөлөр. Ал ''эндоплазма торчосунун'' негизинде пайда болуп, сыртынан липопротеин кабыкча – мембрана м-н капталган. Бир катар көп клеткалуу омурткасыздарда (былпылдактар, ичеги көӊдөйлүүлөр, кээ бир моллюскалар) ж-а айрым бир клеткалууларда (жөнөкөйлөр) азык сиӊиргич В. болот. Татаал түзүлүштүү жаныбарларда тамак сиӊиргич В. өзгөчө клетка – ''фагоциттерде'' жайгашат. Башка клеткалардын В-унда туз, фермент ж-а зат алмашуунун калдыктары болот. Көптөгөн бир клеткалуу организмдердеги жыйрылгыч В. негизинен осмос басымын жөнгө салуу ж-а бөлүп чыгаруу кызматын аткарат. Өсүмдүк В-уна түссүз же түстүү клетка ширеси (пигменттер) толуп, анда эриген заттар ж-а кээде белоктор клеткада осмосту ж-а тургорду камсыз кылат. Көпчүлүк сууда жашоочу фототроптуу ж-а хемотроптуу бактерияларда газ В. болот. Өтө жаш клеткада В. болбойт, болсо да байкалбайт, ал эми клетка өскөн сайын алар чоӊоёт ж-а клетканын түрдүү жеринде жаралып, акырында бир ири В-ду түзөт. В. клеткада суу – туз алмашууну, тургор басымын бир калыпта кармоо, зат алмашуунун уу заттарын бөлүп чыгаруу ж. б. функцияларды аткарат.
'''ВАКУОЛДОР ''' (фр. vacuole, лат. vacuus – боштук) – жаныбар ж-а өсүмдүк клеткасынын цитоплазмасындагы же бир клеткалуу организмдердеги суюктук же туздардын кристаллдары, эрибеген белоктор толгон көӊдөйчөлөр. Ал ''эндоплазма торчосунун'' негизинде пайда болуп, сыртынан липопротеин кабыкча – мембрана м-н капталган. Бир катар көп клеткалуу омурткасыздарда (былпылдактар, ичеги көӊдөйлүүлөр, кээ бир моллюскалар) ж-а айрым бир клеткалууларда (жөнөкөйлөр) азык сиӊиргич В. болот. Татаал түзүлүштүү жаныбарларда тамак сиӊиргич В. өзгөчө клетка – ''фагоциттерде'' жайгашат. Башка клеткалардын В-унда туз, фермент ж-а зат алмашуунун калдыктары болот. Көптөгөн бир клеткалуу организмдердеги жыйрылгыч В. негизинен осмос басымын жөнгө салуу ж-а бөлүп чыгаруу кызматын аткарат. Өсүмдүк В-уна түссүз же түстүү клетка ширеси (пигменттер) толуп, анда эриген заттар ж-а кээде белоктор клеткада осмосту ж-а тургорду камсыз кылат. Көпчүлүк сууда жашоочу фототроптуу ж-а хемотроптуу бактерияларда газ В. болот. Өтө жаш клеткада В. болбойт, болсо да байкалбайт, ал эми клетка өскөн сайын алар чоӊоёт ж-а клетканын түрдүү жеринде жаралып, акырында бир ири В-ду түзөт. В. клеткада суу – туз алмашууну, тургор басымын бир калыпта кармоо, зат алмашуунун уу заттарын бөлүп чыгаруу ж. б. функцияларды аткарат.
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]



02:40, 25 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы

ВАКУОЛДОР (фр. vacuole, лат. vacuus – боштук) – жаныбар ж-а өсүмдүк клеткасынын цитоплазмасындагы же бир клеткалуу организмдердеги суюктук же туздардын кристаллдары, эрибеген белоктор толгон көӊдөйчөлөр. Ал эндоплазма торчосунун негизинде пайда болуп, сыртынан липопротеин кабыкча – мембрана м-н капталган. Бир катар көп клеткалуу омурткасыздарда (былпылдактар, ичеги көӊдөйлүүлөр, кээ бир моллюскалар) ж-а айрым бир клеткалууларда (жөнөкөйлөр) азык сиӊиргич В. болот. Татаал түзүлүштүү жаныбарларда тамак сиӊиргич В. өзгөчө клетка – фагоциттерде жайгашат. Башка клеткалардын В-унда туз, фермент ж-а зат алмашуунун калдыктары болот. Көптөгөн бир клеткалуу организмдердеги жыйрылгыч В. негизинен осмос басымын жөнгө салуу ж-а бөлүп чыгаруу кызматын аткарат. Өсүмдүк В-уна түссүз же түстүү клетка ширеси (пигменттер) толуп, анда эриген заттар ж-а кээде белоктор клеткада осмосту ж-а тургорду камсыз кылат. Көпчүлүк сууда жашоочу фототроптуу ж-а хемотроптуу бактерияларда газ В. болот. Өтө жаш клеткада В. болбойт, болсо да байкалбайт, ал эми клетка өскөн сайын алар чоӊоёт ж-а клетканын түрдүү жеринде жаралып, акырында бир ири В-ду түзөт. В. клеткада суу – туз алмашууну, тургор басымын бир калыпта кармоо, зат алмашуунун уу заттарын бөлүп чыгаруу ж. б. функцияларды аткарат.