БОРБОРДУК АТКАРУУ КОМИТЕТИ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol2_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

09:03, 28 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы

БОРБОРДУК АТКАРУУ КОМИТЕТИ (БАК) – 1) СССРдеги 1922–36-ж-да Советтердин съезддеринин аралыгындагы мамл. бийликтин жогорку органы. СССР БАК теӊ укуктуу эки палатадан: Союздар Советинен ж-а Улуттар Советинен турган. СССРдин Конституциясына ылайык, БАК сессиялар аралыгында бийлик жүргүзүүчү жогорку органды – СССР БАКтын Президиумун, союздук респ-лардын санына жараша төрагаларын ж-а секретарларын шайлаган, ЭКСти ж-а Жогорку сотту уюштурган. СССР БАК союздук респ-лардын өкмөтүнүн ж-а бардык бийлик органдарынын ишине жалпы багыт берген. БАК СССР Жогорку Советинин 1-шайланышына чейин (1938) иштеген. 2) 1917–38-ж-да союздук ж-а автономия респ-лардын Советтеринин съезддер аралыгындагы мамл. жогорку органы. 1926-ж. Бүткүл Россиялык БАКтын чечими м-н Кыргыз автономия обл. Кыргыз АССРи болуп түзүлүп, Кыргыз АССР БАКтын Президиумунун төрагалыгына Орозбеков Абдыкадыр шайланган.