БОРБОРДУК БАНК: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol2_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

09:03, 28 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы

БОРБОРДУК БАНК (англ. Central bank) – банк системасынын акча рыногунун теӊдештигин камсыз кылуучу башкы звеносу; өкмөттүн карыздык ж-а кредиттик операцияларындагы ортомчу. Б. б. өлкөнүн акча массасын‚ валюта курсун башкарууда ж-а валюта резервин сактоодо башкы ролду ойнойт. Көп өлкөлөрдө Б. б. акча эмиссиясынын бардык укугуна ээ. Негизги милдеттери: 1) акча жүгүртүүнүн туруктуулугун камсыз кылуу; 2) кредит‚ акча жүгүртүү‚ эсеп ж-а валюталык мамиле жаатында мамл. саясатты жүргүзүү. Б. б. төмөнкү иштерди аткарат: 1) акча эмиссиясын ж-а алардын жүгүртүлүшүн уюштурууну камсыз кылат; 2) башка кредиттик мекемелерде касса резервдерин топтойт ж-а сактайт; 3) коммерциялык банктарды кредиттөөнү камсыз кылат ж-а алардын ишмердигин контролдойт.