БОРБОРДУК ТЕӉИР-ТОО: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol2_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

09:03, 28 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы

БОРБОРДУК ТЕӉИР-ТОО – Кырг-н аймагындагы ири физ.-геогр. аймак (провинция). Физ.-геогр. райондоштуруу б-ча (С. Өмүрзаков, 1983) Борб. Азия бийик тоолуу өлкөсүнүн Ички ж-а Б. Т.-Т-луу сырт обл-на кирет. Орографиялык жактан туюк, тоо-өрөөндүү табигый комплекс. Түштүгүнөн Какшаал тоо тизмеги, түндүгүнөн Тескей Ала-Тоо, батышынан Ак-Шыйрак, чыгышынан Меридиан кырка тоолору м-н чектешет. Б. Т.-Т. – Кыргыз Респ-нын ж-а Теӊир-Тоонун эӊ бийик бөлүгү; чыгышында Кан-Тоо (6995 м) ж-а Жеӊиш (7439 м) чокулары жайгашкан; эӊ жапыз жери (2000 м) – Кытайдын чек арасына жакын, Сары-Жаз д-нын өрөөнүндө. Провинция Б. Т. -Т. орографиялык аймагына туура келип, бүт аймагы Сары-Жаз д-нын алабында жатат. Аянты 12 900 км2. Аймак өтө тилмеленип, кеӊдикке жакын багытта созулган кырка тоолор системасынан турат. Ал тоолор Кан-Теӊир тоо тоомунан түш.-батышка салааланып тарайт. Алардын ичинде бийикт. 5000–6000 м келген Сары-Жаз, Эӊилчек, Кайыӊды, Көөлү, Теректи ж. б. кырка тоолор бар. Бардык кырка тоолор бири-биринен кууш, тереӊ тилмеленген, узата кеткен өрөөндөр м-н бөлүнөт. Бүткүл Б. Т.-Т-ну Сары-Жаз д. түндүктөн түштүктү карай каньон (шаӊшаар) сымал капчыгай аркылуу кесип өтөт да, аны кескин айырмаланган эки бөлүккө бөлөт: батыш (Көөлү – Ак-Шыйрак) ж-а чыгыш (Сары-Жаз). Жалпысынан провинцияга эрозиялык тереӊ капчыгайлар, тепши сымал ж-а туурасынан кеткен өрөөндөр, өтө тилмеленген бийик тоо рельефи, арсак-терсек кырлар, учтуу чокулар, төрлөр ж. б. мөӊгүнүн таасиринен пайда болгон рельеф формалары мүнөздүү. Мында башка денудациялык түздүктөр сейрек кездешет. Морфоструктуралык түзүлүшүндө палеозойдун (ордовиктен карбонго чейинки) чөкмө ж-а метаморфизмделген тектери негизги орунду ээлейт. Провинциянын Ортонку Теӊир-Тоого кирген түн. бөлүгүндө протерозойдо ж-а палеозойдун башталышы м-н аягында пайда болгон метаморфизмделген чөкмө тектер басымдуу. Аларды интрузия тектери жиреп чыккан. Карбонаттуу тоо тектер – акиташ тектүү сланец, акиташ теги, мрамор, доломит ж. б. кеӊири таралган. Чуӊкурчактар м-н өрөөндөр палеоген-неоген мезгилдеринде пайда болгон борпоӊ континенттик чөкмөлөрдөн (конгломераттын, кумдуктун, чопонун, аргиллиттин кызыл түстүү катмарлары) ж-а антропогендин мөӊгү, аллювий чөкмөлөрүнөн турат. Провинциянын климаты кескин континенттик, катаал. Ага темп-ранын жылдык ж-а суткалык амплитудасынын чоӊдугу, абанын кургактыгы, өтө ургаалдуу күн радиациясы (жылына 3000 саатка жакын күн тиет, бул Ысык-Көлдүн курорт зонасындагыдан кыйла көптүк кылат) мүнөздүү. Жылдык жаан-чачыны өрөөндөрдө 200–300 мм, тоо капталдарында 300–400 мм, гляциалдык-нивалдык зонада 900–1000 мм. Алардын 90%ке жакыны жылдын жылуу мезгилине туура келет. Буулануунун 2800 м бийиктиктеги өлчөмү жаан-чачындыкынан 3–5 эсе көп. Июлдун орт. темп-расы 4–11°С, январдыкы –13°... –17°С. Кар аз жаагандыктан, кышкы жайыт катары пайдаланууга ыӊгайлуу. Б. Т.-Т. – азыркы кездеги муз каптоонун ири аймагы, андагы мөӊгүнүн аянты 2608 км2 (Сары-Жаздын алабынын аянтынын 24%ин ээлейт). Бул жерде Теӊир-Тоодогу эӊ ири Түш. Эӊилчек мөӊгүсү жайгашкан, анын уз. 59 км, аянты 613 км2. Мөӊгүлүү жерлери: Кан-Теӊир тоо тоому, Ак-Шыйрак тоо массиви ж-а Тескей Ала-Тоонун түш. капталы. Кар чеги 4000 мден жогору (4200–4450 мге чейин) жатат. Б. Т.-Т. суу тармактарына бай, алар респ-дагы эӊ ири дарыялардын бири – Сары-Жаздын алабына кирет. Суусунун молдугу (140 м3/сек) б-ча ал респ-да 2-орунда (Нарындан кийин). Дарыялары мөӊгү-кар ж-а кар-мөӊгү сууларынан куралат.
Б. Т.-Тнун ландшафты Ак-Сай – Жогорку Нарын провинциясынын ландшафтына караганда ар түрдүүрөөк. Бийиктик алкактуулук структурасы даана байкалат. Төмөндөн жогору карай чөл, кургак талаа, талаа, токой, шалбаалуу талаа, субальп, альп, тундра, гляциалдык-нивалдык ландшафт алкактарына ажырайт. Тоолуу күрөӊ чөл топурактуу тектирлерди, конус шилендилерин ж-а тоо капталдарынын төмөнкү бөлүктөрүн (2000–3000 м) шыбак, баялыштуу чөл ээлейт. Борб. Азия тибиндеги талаа (бетеге-птилагростистүү) ж-а кургак талаа (дан өсүмдүк-шыбактуу, дан өсүмдүктүү) көп кездешет. Токой-шалбаалуу талаа тилкеси 2700–3200 м бийикте жайгашкан, бирок аймак б-ча анча көп таралган эмес. Токойдо ийне жалбырактуулардан – шренк карагайы, жазы жалбырактуулардан – кайыӊ (сейрек) өсөт. Аймактын кургакчылыгына байланыштуу, андагы карагайлуу токой ксерофиттик мүнөздө. Талаа, шалбаалуу талаа, субальп, альп ландшафттары малга жайыт катары пайдаланылат. Кенге ж-а суу ресурстарына бай. Б. Т.-Т. Көөлү – Ак-Шыйрак, Сары-Жаз физ.-геогр. округдарына бөлүнөт.
Ад.: Чупахин В. М. Физическая география ТяньШаня. А.-А., 1964; Почвенное районирование Киргизии. Ф., 1961; Физико-географическое районирование СССР, М., 1968; Кыргызстан географиясы. Б., 2004.