БОРБОРДУК ТЕӉИР-ТОО КЫРГЫЗДАРЫНЫН РОССИЯ ИМПЕРИЯСЫНА КАРАТЫЛЫШЫ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol2_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

09:03, 28 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы

БОРБОРДУК ТЕӉИР-ТОО КЫРГЫЗДАРЫНЫН РОССИЯ ИМПЕРИЯСЫНА КАРАТЫЛЫШЫ 1863–67-ж. аралыгында ишке ашкан. 1863-ж. Батыш Сибирь генерал-губернаторлугуна караштуу Ала-Тоо аскер округунан (Кастек) Борб. Теӊир-Тоого чалгындоо тобу жөнөтүлүп, Кашкар отряды деп аталган бул кошуунга генштабдын капитаны Проценко башчылык кылган. Теӊир-Тоонун чордонундагы Кочкор, Жумгал, Нарын, Ат-Башы, Ак-Талаа, Тогуз-Торо өрөөндөрүндө, Кашкар тарапта сарыбагыш, саяк, черик, моӊолдор, чоӊ багыш, бугу, тынымсейит ж. б. уруулар жашачу. Соӊ-Көл, Солтон-Сары, Кара-Кужур, Кара-Саз, Кеӊ-Саз, Ак-Сай, Арпа өрөөндөрү малга жайлуу, мыкты жайлоолор болгон. Алардын айрымдарын Кокон ханы каратып, салык алып турса, кээ бирөөлөрү (черик, чоӊ багыштар) Кашкардагы цинь-манжур бийлигинин таасиринде турган. Бирок Борб. Теӊир-Тоодо кокондуктар туруктуу бийлик жүргүзө алган эмес. Кокон хандыгы мезгил-мезгили м-н аскер жиберип, өз үстөмдүгүн убактылуу гана орноткон. Борб. Теӊир-Тоодо таасирин орнотуу Россияга Чыгыш Түркстан, айрыкча Кашкар м-н түз соода байланыштарын өнүктүрүү үчүн да өтө зарыл эле. Буга чейин орус көпөстөрү Кашкар м-н соода-сатыкты көбүнчө Кокон хандыгы аркылуу ж-а Верный тараптан Кулжа аркылуу жүргүзүшчү. Ал эми Түн. Кырг-н аркылуу түз байланыш түзүү жолду кыйла кыскартмак. Бул жол Ысык-Көлдүн батыш тарабы, Кочкор, Нарын, Ат-Башы, Ак-Сай аркылуу өтүп, көлдүн чыгышындагы жолго караганда оӊтойлуу, ашуу-белдери анча татаал эмес эле. Кашкарга өтө турган бул жолду өздөштүрүп, кербендердин коопсуздугун камсыз кылыш үчүн аталган аймактарды ээлеш керек болчу. 1863-ж. 3-майда Кашкар отряды Кастектен чыгып, Боом капчыгайы, Орто-Токой ж-а Кызарттын бели аркылуу Жумгал өрөөнүнө чейин жеткен. Ал кезде Жумгалда болгону 50гө жетпеген кокондук сарбаздар турган. Алар жоого каршылык көрсөтүүгө даай албай, коргонду таштай качканда, аны орус аскерлери ээлеп алган. Андан соӊ Проценконун кошууну Соӊ-Көл жайлоосу аркылуу кокондуктардын Теӊир-Тоодогу башкы тиреги болгон Куртка чебин эч каршылыксыз эле басып алган. Курткада бир топ күн тургандан кийин капитан Проценко жер чалыш үчүн кошуундун жарымын алып, Нарындын төрүнө жөнөгөн. Кошуундун бир бөлүгү Куртка чебинде калган. Ошондо Үмөтаалы Ормон уулу, Осмон датка Тайлак уулу баш болгон кыргыздар 19-июнда Эки-Чат деген жерде (Куртка өзөнү өтүүчү колотто) подпоручик Зубаревдин Нарындан Балыкчыга азык-түлүк, ок-дары үчүн барып, кайра кайтып келе жаткан кошуунуна кол салышкан. Кыргыздар орус аскерлерин эки жакка жылдырбай, эки күн бою Эки-Чатта камап турган. 21-июнда гана Проценконун кошууну жардамга келип, орус аскерлерин курчоодон куткарып калууга үлгүргөн. Буга чейин 2–3 миӊ жигиттен турган Үмөтаалынын колу Нарын д-ндагы көпүрөнү бузуп салган. Эки-Чатта кыргыздардын 18 жолу жасаган чабуулунда Зубарев ж-а 7 солдат жарадар болуп, экөө көз жумган. Кыргыздар м-н Ак-Талаа аймагындагы кагылышуу орус кошуундарынын Борб. Теӊир-Тоодогу андан ары жылышын кыйындаткан. Көп өтпөй Кытай чек арасындагы кырдаалдын оорлошуна байланыштуу Колпаковскийдин буйругу б-ча Кашкар отряды Кеген кошуунуна биригүү үчүн кайра кайткан. Ошентсе да бул кошуун өзүнө жүктөлгөн милдеттердин бир тобун чечүүгө, айрым кыргыз урууларын Россиянын таасирине имерүүгө үлгүргөн. Жумгал, Куртка, Тогуз-Торо чептери кыйратылган. Кашкар отрядынын Борб. Теӊир-Тоого жортуулу айрыкча черик уруусунун Россия курамына киргизилишин тездеткен. Черик уруусу ал кезде Нарын д-нан түштүктө Күйкө-Турпан тоосуна чейин Какшаал суусунун жээктеринде, Ат-Башы, Арпа, Ак-Сай өрөөндөрүнөн Кашкарга 50 чакырымга чейинки аралыкта көчүп-конуп жүрүшчү. Кокон хандыгынан тышкары чериктерден цинь-манжур төрөлөрү, кийин Кашкардын улугу Жакыпбек (к. Йакуб бек) салык төлөөнү, бийлигине моюн сунууну талап кылып турган. Ушундай кырдаалда коӊшулардын кысымынан кутулууну эӊсеген чериктердин айрым манаптарына орус падышасынын бийлиги жеӊил болчудай, Россия курамына кирүү оӊтойлуудай сезилген. 1863-ж. жазында 6 миӊдей түтүн черик уруусунун чоӊ манабы Турдуке Тоймат уулу баш болгон бийлер Ала-Тоо округунун улугу Колпаковскийге атайын кат жөнөтүп, ал катта падышанын жөлөк болуусун өтүнүшкөн. Батыш Сибирдин генерал-губернатору Дюгамелдин согуш министрине ж-а мамл. вице-канцлерге жиберген сунушу б-ча көп өтпөй император макулдугун билдирген. 1863-ж. күзүндө Омскиге келген чериктердин элчилери (4 киши) 13-октябрда орус падышасынын бийлигине баш ийгендиктери тууралуу черик уруусунун атынан ант беришкен. Бирок 1868-ж. Нарын чеби курулганга чейин орус бийлиги чериктерге үстөмдүгүн толук орното алган эмес. Ал эми Нарын чеби негизделген кезде чериктердин көпчүлүгү Ала-Тоо округуна карап, калганы Жакыпбектин карамагында турган. Кийин Чыгыш Түркстандагы Жакыпбектин мамлекети жоюлганда, алар Кытай императорунун бийлигине өткөн. 1864–65-ж. Нарындын башын мекендеген тынымсейит уруусу, саяк уруусунун Кочкор, Жумгал, Кетмен-Төбөнү жердеген уруктарынын кыйласы Россиянын курамына киргизилген. Ал эми Үмөтаалы бийлеген сарыбагыштар м-н Осмон датка башкарган тогузторолук ж-а акталаалык саяктар (чоролор) орус аскерлерине багынбай каршылык көрсөтүүнү уланта берген. Ак-Талаадан Жумгалга конуш которуп келген сарыбагыштын борукчу уругу (1000 түтүн) 1865-ж. Россиянын карамагына өтөт. Алардын башында Шамен, Кодон, Байтели ж-а Жаманак сыяктуу манаптар турган. 1867-ж. жайында Нарынга полковник Полторацкийдин мыкты куралданган аскерлери келгенде Кара-Кужурдан тартып Ак-Сай, Чатыр-Көлгө чейинки кеӊ аймакты (500 чакырым аралыктагы) ээлеп, 5–6 миӊ түтүн элди бийлеген Үмөтаалы багынып берүүгө мажбур болот. Ал эми Осмон Тайлак уулу болсо, өз күрөшү ийгиликсиз аяктаган соӊ, баш калкалап, Чыгыш Түркстанга өтүүгө аргасыз болгон. Жакыпбек көз жумган соӊ, Осмон Теӊир-Тоого кайтып келген. Жакыпбектин уулдарынын ортосунда так талаштан чыккан чатак мамлекетти алсыратып, натыйжада Кытай аскери Кашкарды басып алган (1877-ж. декабрь). Борб. Теӊир-Тоо Россия курамына киргизилгенден кийин, орус бийликтери Үмөтаалыдан Эки-Чаттагы кармашта өлгөн эки солдат ж-а жарадар болгон жети солдат үчүн кун доолаган, ар бир өлгөн солдат үчүн 75тен жылкы, жарадар болгон офицерге 100 жылкы, 5 солдаттын ар бирине 25тен жылкы төлөмөк болгон. Бир жылкы 20 сомго бааланып, акчалай төлөсө, 7500 сом берүүгө тийиш эле. 1868-ж. 60 жаштагы Үмөтаалы белгиленген кундун жарымын акчалай, калганына жылкы берип кутулган. Ошентип, 1867-ж. Үмөтаалынын багынып бериши м-н Борб. Теӊир-Тоону каратуу аяктап, бүткүл Түн. Кырг-н Россиянын курамына киргизилген.
Ад.: Джамгерчинов Б. Д. Присоединенине Киргизии к России. М., 1960; Бартольд В. В. Кыргыздар: тарыхый очерк //Кыргыздар жана Кыргызстан тарыхы жөнүндө тандалма чыгармалары. Б., 1994; Киргизы: исторический очерк // Сочинения. Т. 2. М., 1963; Өмүрбектегин Т., Чоротегин Т. Түндүк Кыргызстандын Орусияга каратылышы. Б., 1992; Валиханов Ч. Ч. Собр. соч. в 5-тт. Т. 2. А.-А. 1985; Хасанов А. Х. Взаимоотношения киргизов с Кокандским ханством и Россией в 50–70 годах XIX веках. Ф., 1961, Кененсариев Т. К. Кыргызстандын Орусияга каратылышы. Б., 1997; Өмүрбеков Т. Н. Улуу инсандардын Кыргызстандын тарыхындагы ролу жана орду (XIX к. ортосу – XX к. башы). Б., 2003.
Т. Өмүрбеков.