БОР ЖЕР СЕМИРТКИЧТЕРИ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol2_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
|
09:03, 28 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы
БОР ЖЕР СЕМИРТКИЧТЕРИ – курамында бор (В) микроэлементи бар хим. бирикмелер. Топурактын түрүнө жараша 1 кг топуракта 1,5–150 мг бор болот. Ал өзүнчө же башка минерал жер семирткичтер м-н бирге өсүмдүк өнүп чыкканда же себүү алдында (1 ц үрөнгө 300–500 г) үрөн м-н кошо чачылат. Ага бир нече жер семирткич кирет. Борнодатолит жер семирткичи – 2–2,5% бору бар бозомук күкүм. Гектарына 60 кгдан жумшалат. Бор-магний жер семирткичи (бор-магний сульфат) – боз күкүм, курамында бор к-тасы ж-а магний оксиди болот. Магнийи аз жеӊил топуракта колдонулат. Б. ж. с. кант кызылчасы, кендир, брюква ж-а турнепсти түрдүү илдеттен сактап, алардын түшүмдүүлүгүн арттырат. Аны негизинен себүү алдында үрөнгө өсүмдүктүн физиол. өзгөчөлүгүн ж-а бордун топурактагы өлчөмүн эске алуу м-н чачуу керек.