БОРКОЛДОЙ МӨӉГҮЛӨРҮ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
vol2_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
|
09:03, 28 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы
БОРКОЛДОЙ МӨӉГҮЛӨРҮ – Борколдой кырка тоосунун түн. капталындагы жанаша жаткан эки мөӊгү. Чоӊ Нарын суусунун сол куймасы – Караколдун алабынан орун алган. Экөөнүн уз. 6,8 км ж-а 7,9 км, аянттары 9,4 км2 ж-а 8,7 км2. Абляция облусунун аянттары 2,9 км2 ж-а 4,4 км2. Мөӊгүлөрдүн башы деӊиз деӊг. 4880 м ж-а 5170 м, этектери 3700 м ж-а 3830 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4220 м ж-а 4180 м. Фирн обл-нун көп камералуулугу, бутактанган майда тармактары м-н айырмаланат. Каптал ж-а этек мореналары бар. Азыр мөӊгүлөр чегинүүдө. Алардан агып чыккан суулар Жагалмай суусуна сол тараптан куят.