БОРОМБАЙ Меӊмурат уулу: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol2_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
|
09:03, 28 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы
БОРОМБАЙ Меӊмурат уулу (1789–90-ж. чен – 1858) – Ысык-Көл кылаасын жердеген бугу уруусунун ири манаптарынын бири; белек уругунан. 1843-ж. Жууку суусунун боюнда Кызыл-Үӊкүр деген жерде чеп (коргон) курдурган. Коргондун ичине 10дон ашуун боз үй тигилчү. 1844-жылдан өз уруусунун атынан Россияга букаралыкка алуу өтүнүчү м-н Батыш Сибирь генерал-губернаторлугуна татар соодагерлери аркылуу кат м-н кайрылган (1844, 1848, 1853–55). Анын элчилери 1855-ж. 17-январда Омск ш-нда Россияга өтүү антын кармашкан. Б. орус армиясынын подполковниги чинин алып, бугу уруусунун чоӊ манабы катары таанылган. Бугу менен сарыбагыш урууларынын чабышы маалында анын эл-журту Текести көздөй көчүп, орус бийликтерине кайрылган. Ич ара жаӊжалды тынчытууда Б-дын өтүнүчү м-н келген орус аскерлеринин чакан кошуунунун чоӊ жардамы тийген. Элдин

турмушун оӊдоо үчүн калкын эгин эгип, жер-жемиш өстүрүп, бак-дарак тигүүгө үндөгөн. Жерлерин кашаа м-н тостуруп, арык каздырып, суу чыгартып, эгин эктирген, алма, өрүк, алмурут ж. б. тиктирген. Анын демилгеси м-н Көлдүн тескейиндеги өзөн, сууларга суу тегирмендери курулган. Анын П. П. Семёнов-Тян-Шанскийге да көмөк көрсөткөнү маалым. 1856-ж. Чокон Валиханов Б-дын айлында жүрүп, баалуу маалыматтарды жыйнаган ж-а портретин карандаш м-н тартып алган.
Т. Өмүрбеков.