БОСТЕРИ ЖАРЫМ АРАЛЫ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol2_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

09:03, 28 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы

БОСТЕРИ ЖАРЫМ АРАЛЫ Ысык-Көлдүн түн. жээгинде. Сөгөттү ж-а Четки-Долоноту сууларынын аллювий-пролювий шиленди конустары кошулуп жарым аралды түзөт. Үч бурчтук сымал формада, туурасы 5,5 км. Көлгө 2,1 км кирип турат. Чыгыш учунда, Кес-Сеӊир тоосунун маӊдайында Бостери колтугу жайгашкан. Тумшугу 1 км аралыкка чейин күдүрлүү келип, буйткалар көп кездешет. Азыркы тектирлерди кумдуу жээк жалчалары ж-а алардын аралыгындагы лагуналуу кургак оёӊчолор түзөт. Жарым аралдын эки капталына теӊ суу астындагы ж-а үстүндөгү кум ж-а конгломерат жалчалары мүнөздүү. Жээктери кумдук, кой таш, шагылдуу. Суу астындагы уландысы 2 кмге (20 м тереӊдикте) чейин созулат. Б. ж. а. – Ысык-Көлдөгү ири курорттуу жайлардын бири. Алтын-Кум жээктери, жер астынан чыккан жылуу суусу, деӊиздик климаты эс алууга ыӊгайлуу.