БОСТОН: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol2_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

09:03, 28 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы

БО́СТОН – АКШнын түн.-чыгышындагы шаар. Массачусетс штатынын адм. борбору. Калкы 684,3 миӊ (2019 шаар айланасы м-н 6,1 млн). Өлкөнүн ири соода-финансы, өнөр жай ж-а маданий борбору. Атлантика океанындагы Массачусетс булуӊуна Чарлз д. куйган жердеги порт (жылына 20 млн т жүк ташылат). Эл аралык аэропортту бар. Машина куруу (а. и. прибор ж-а радиоэлектроника жабдуулары, авиа кыймылдаткыч, кеме ж. б.), хим., резина, полигр., тамак-аш, жеӊил өнөр жайы өнүккөн. Метрополитен, ун-ттер (а. и. Гарвард ун-ти шаардын четинде, 1936-ж. негизделген), Массачусетс технол. ин-ту, иск-во ж-а илимдер академиясы, асем өнөр музейи бар. 1630-ж. негизделген. 18-к-дагы арх-ралык ж-а тарыхый эстеликтер, о. эле курулмалар сакталган.