БОТОХАНОВА: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol2_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
|
09:03, 28 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы
БОТОХАНОВА Айымбүбү Өмөр кызы (10. 11. 1923, Чүй обл., Жайыл р-ну, Жон-Арык айылы – 19. 9. 2007, Бишкек) – алгачкы журналист, Кыргыз ССРинин мад-тына эмг. сиӊ. ишмер (1973). Фрунзедеги жумушчу жаштардын кечки мектебин (1940), респ. парт. мектептин котормочулар бөлүмүн (1952), КПСС БКнын алдындагы Жогорку парт. мектептин журналистика бөлүмүн бүтүргөн (1957). «Кызыл Кыргызстан», кийин «Советтик Кыргызстан» (азыркы «Кыргыз Туусу») гезитинде адабий кызматкер, бөлүм башчы, жооптуу секретарь, редактордун орун басары (1941–44, 1948–50, 1952–54, 1957–59, 1964–74), «Кыргызстан аялдары» журналынын редактору (1958–60), Кыргызстан КП БКнын пропаганда ж-а агитация бөлүм башчысынын орун басары (1960–61), Кыргыз телерадиокомитетинин председатели (1961–64), «Коммунист» журналынын жооптуу секретары, редактору болгон (1974–83). Респ-нын экономикасын, мад-тын көтөрүү б-ча 200дөн ашык актуалдуу, таасирдүү публ. очерк, макала ж-а сын макалаларды басма сөзгө жарыялаган. Бир нече медаль м-н сыйланган.