БӨГӨНӨК: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
vol2_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
|
09:03, 28 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы
БӨГӨНӨК (Оestrus Ovis) – чымындын бир түрү. Ургаачысы кой-эчкинин кеӊилжээрине жылына (негизинен жайында) 600дөй жумуртка таштап, ал личинкага, кийин чымынга айланат. Малдын кеңилжээринде мителеген майда курттар э с т р о з ылаӊын пайда кылат. Ылаӊдаган кой-эчки башын көрүнгөн нерсеге кашып, бышкырат, тынчы кетип, таноосунан кан аралаш суу чыгат. Ылаӊ өтө күчөсө мал өлүмгө учурайт. Эстрозго каршы күзүндө (октябрь, ноябрь айларында) хлорофостун 2%түү же үч хлорметафостун суудагы эритмеси малдын ар бир таноосуна 15 млден куюлат. Б. Кырг-ндын бардык жеринде бар, кой-эчкинин 76–96%и жабыркайт.