БӨКӨНБАЕВ Жоомарт: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol2_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

09:03, 28 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы

БӨКӨНБАЕВ Жоомарт [16. 5. 1910, Ош обл., (азыркы Жалал-Абад обл.), Кетмен-Төбө р-ну, Мазар-Суу айылы – 1. 7. 1944, Фрунзе] – акын ж-а драматург, кыргыз жазма ад-тынын баштоочуларынын бири, коомдук ишмер. Ата-энесинен эрте калып, 1924–26-ж. Жалал-Абад ш-на жакын жердеги балдар үйүндө тарбияланган. 1926-ж. Оштогу педтехникумда, 1928–31-ж. Фрунзедеги (азыркы Бишкек) педтехникумда, Москвадагы журналисттерди даярдоочу Коммунисттик ин-тта (1935) окуган. 1931–33-ж. «Кызыл Кыргызстан» гезитинде бөлүм башчы, 1935–41-ж. «Ленинчил жаш» гезитинде, «Советтик адабият жана искусство» журналында башкы редактор болуп иштеген. Б-дин «Жер алган кедейлерге» аттуу алгачкы ыры 1927-ж. Ош кантондук гезитинде жарыяланган. Анын алгачкы ыр, поэмаларынан куралган «Эмгек төлү» (1933), «Чабуул» (1944) деген жыйнактарында эмгекчил элдердин достугу, душманга каршы туруу, Мекенди сүйүү идеясы үстөмдүк кылат. Соц. турмуш кечээки «Көкөштөрдүн көзүн ачып» атканын акын өзгөчө ынтаа м-н ырга салган, уруучулуктун туткунунда калган калктын жаӊы шартка ыӊгайлашуусу, бош жаткан жерлердин өздөштүрүлүшү, жаӊы шаар, з-д, ф-калардын курулушу Б-дин чыгармаларында поэтикалык колдоо таап, соц. жашоо ыӊгайы идеалдаштырылган. Б. көркөм чыг-лыктын бир топ жанрларында күчүн сынаган. Анын Токтогулдун чыг-лыгы м-н өмүр баянын чагылдырган «Токтогул» (1939), о. эле «Алтын кыз» (1933), «Айчүрөк» (1939) аттуу драмалык чыгармалары учурунда кыргыз көрөрмандарынын арасында кызыгуу жараткан. «Айчүрөк» операсы улуттук классикалык чыгарма катары театр сахнасынан түшпөй коюлуп келатат. Кыска чыг-лык өмүрүндө Б. 20дан ашуун ырлар, поэмалар жыйнагын калтырды, «Кыздын канаты», «Сүлүктү», «Кызыл кыя», «Ажал менен ар-намыс», «Жайдын кечи» сыяктуу
поэма, ырлары бар. Чыгармаларынын 2 томдон турган толук жыйнагы (1950, 1954), тандалган чыгармаларынын 2 томдугу (1973), ырлар ж-а поэмаларынын тандалмалары (1980) жарык көргөн. Акын ырлары м-н кыргыз жеринин сулуулугун даӊазалаган. Ш. Руставели, А. С. Пушкин, Н. А. Некрасов, В. В. Маяковский, М. К. Лермонтов ж. б. Акындардын чыгармаларын кыргыз тилине которгон. 1944-ж. анын сценарийи б-ча «Манастын уулу Семетей» фильми тартылуучу жерди изилдеп келаткан кинотоп Ысык-Көлдүн Чоӊ-Сары-Ой айылында автокырсыкка учурап, каза тапкан. Б-дин ысымы респ-нын айрым кыштактарына, мектептерге ж-а шаар көчөлөрүнө коюлган. Эстелиги Бишкек ш-нда тургузулган (2003-ж. Адепсиздер тарабынан талкаланып, 2007-ж. кайра коюлган). Акындын 80 жылдык мааракесине карата туулган айылы Мазар-Сууда 485 экспонаты бар музейи ачылган (1990). Музейге акындын өздүк буюмдары, чыг-лык жолун чагылдырган

документтер, кол жазмалар коюлган. Айрым ырлары орус тилине которулган. Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери ж-а медалдар м-н сыйланган.
Ад.: Керимжанова Б. Акындын чыгармачылык жолу. Ф., 1960; Жигитов С. Ырлар жана жылдар. Ф., 1960; Кыргыз совет адабиятынын тарыхы. 2-том. Ф., 1990. Турсунов Э. Н. Жоомарт – бөтөнчө инсан. Б., 2000; Адышева Т. Кылы үзүлгөн комузум. Б., 2003. Станалиев С. «Жылдын эӊ узак күнү». Б., 2007.