БӨРҮБАЕВ Алтай Асылканович: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol2_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

09:03, 28 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы

БӨРҮБАЕВ Алтай Асылканович (31. 12.1950-ж. т., Талас обл., Талас р-ну, Кара-Ой айылы) – математик, физика-математика илимд. доктору (1991), проф. (1992), КР УИАнын (корр. мүчөсү, 1993), акад. (2000), КРдин илим ж-а техника б-ча эмг. сиӊ. ишмери (1995). Кырг-н Ленин комсомолу (1981), КРдин илим ж-а техника б-ча мамл. сыйл. (1998, 2000) лауреаты. КМУнун механика-математика ф-тин (1972), Москва мамл. ун-тинин аспирантурасын бүтүргөн (1975). КМУда окутуучу, улук окутуучу, декан, ил. иштер б-ча проректор (1976–92), КРдин билим берүү министринин 1-орун басары (1992–94), И. А. Арабаев атн. КМПУнун (1994–98), КМУнун ректору (1998–2000). 2000–05-ж. КРдин Эл өкүлдөр жыйынынын спикери, 2005-жылдан КРдин Улуттук аттестациялык комиссиясынын төрагасы. Б-дин 130дан ашуун ил. эмгеги (анын 30дан ашыгы чет өлкөлөрдө басылып чыккан), а.и. 6 монографиясы, орто мектептер, ЖОЖдор үчүн 5 окуу китеби жарык көргөн. Б-дин орчундуу ил. эмгектеринин көпчүлүгү бир калыптагы мейкиндиктер (топология) ж-а бир калыптагы үзгүлтүксүз чагылдыруулар м-н байланышкан. Ал бир калыптуулук структураларынын жардамы м-н топол. мейкиндиктердин паракомпакттуу, локалдуу паракомпакттуу, линдельефтик ж. б. кеӊейтүүлөрүн тургузган.
Эмг.: Равномерные структуры на топологических пространствах и группах (в соавторстве). Б., 1997.